Бүгүн түнүчүндө АКШнын Канаверал тумшугунан "Темпел бир" деген кометаны көздөй космос кемеси учурулат. Кометага ал алты айдин кийин жеткенден соң, андан атайын аппарат бөлүнүп чыгып, кометанын бетин жарып, ичине кирет жана Жерге - кометанын ичинде эмне бар экени тууралуу маалымат жиберүүгө тийиш.