Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ЛЕНИН РАЙОНДУК СОТУ ОТУНБАЕВАНЫН АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек. Бүгүн (12-январда) Бишкек шаарынын Ленин райондук соту оппозициячыл лидер, мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи Роза Отунбаеванын арызын карап, аны канааттандырган жок. №1Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы Отунбаева айымды Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон 6-январда баш тарткан. Округдук шайлоо комиссиясынын мындай чечимин Отунбаева мыйзамсыз деп атап, аны жокко чыгаруу арызы менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Отунбаеванын адвокаттары апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышаарын билдирүүдө.

12-январда түштөн кийин Ленин райондук сотунун төрагасы Канатбек Турганбеков маселени карап, жыйынтыгында Отунбаеванын арызы канааттандырылбасын деген чечим чыгарды. Аны сот Турганбеков мындайча негиздеди:

- Конституцияда “Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган атуул шайлана алат” деген конституциялык талап жазылган. Бул - конституциялык норма. Өлкөнүн “Шайлоо кодексинде” да ушундай эле талап жазылган. Ал эми Роза Отунбаеванын акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп келгени маалым.

Соттун төрагасынын сөзүнө караганда, Отунбаеваны каттабоо жөнүндөгү Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясынын чечими - мыйзамдуу.

Роза Отунбаеванын адвокаты Нурлан Садыков Ленин райондук сотунун бул чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди.

Райондук сот Отунбаеванын арызын карай баштаганга чейин бүгүн (12-январда) эртең менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында он бештей адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар дипломаттардын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Маалым болгондой, 11-январда оппозициялык маанайдагы беш бирикме түзгөн Саясий лидерлер форуму нааразылык акциясын убактылуу токтото турууну пикетчилерден суранган. Мындай чакырыкка карабай пикетти улантуунун себеби тууралуу “Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин” мүчөсү Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биздин акцияны токтопогонубуздун себеби төмөндөгүчө, биринчиден ушул акцияны баштаганыбызда аны Отунбаеванын укугу калыбына келтирилгенге чейин улантабыз деп айтканбыз. Экинчиден, Роза Отунбаевадан башка дагы дипломаттардын укугу бузулуп, адам укугун коргоочуларды куугунтуктоо болуп жатат, депутаттардын айдоочуларына каршы кысымдар болууда. Ошондуктан биз атуулдук активдүүлүгүздү, оюбузду билдирүүнү токтотпойбуз. Акция күнүгө улантыла берет.

12-январда түштөн кийин Ленин райондук сотунун имаратынын алдында нааразылык пикети улантылды. Ага да он бештей киши катышты. Алар соттон адилеттүүлүктү талап кылган, Отунбаеванын шайлоого катышуусуна жол берүүнү сураган плакаттарды көтөрүп турушту.


(Сүрөттө: Роза Отунбаева 11-январда пикетчилер менен жолугуп жаткан кез.)

XS
SM
MD
LG