Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

САСЫК ТУМОО: МАГА ТИЙБЕГЕН ЧУЧУК...


Баян Жумакадыр кызы, Прага. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жакынкы бир нече жылдын ичнде сасык тумоонун жаңы антигендик вирусунун пайда болуусун божомолдойт. Андай вирус дүйнө өлкөлөрүнө тез жайылып, демедегиден алда канча көп адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Жакында "Nature' журналы сасык тумоонун коркунучтуу түрү Вьетнамды каптаганын белгилеп, эгерде өкмөттөр сасык тумоонун вирусуна каршы эм дары ойлоп табышпаса, пандемия миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетиши мүмкүн деп эскертет.

Британияда чыгуучу "Nature" журналынын редактору Пиит Алдоус дүйнө өлкөлөрү Цунамиден жабыр тарткандарга жүздөгөн миллион евро жардам берип жаткан учурда, адамзат үчүн чоң коркунуч жаратып аткан сасык тумоого каршы күрөшүүгө арзыбаган акча бөлүнгөнүнө нааразы болгон. Өткөн жылы сасык тумоо Азия өлкөлөрүндө үй канатууларын, негизинен, тоок менен өрдөктөрдү каптап, жүз миңдеген баш үй канатуусун кыргынга учуратты. Вирустун адамдардын арасында жайылуусуна бөгөт койуу үчүн өлкөлөр миллиондогон баш үй канаттууларын жок кылганга аргасыз болушту. Ал эми адамдарга жуккан вирустан 2003- жылдын соңунан бери 23 киши каза болду, алардын үчөө акыркы эле эки жумада көз жумду. Ооруну жугузуп алган адамдардан алынган анализдер канаттуулардагы H5 N1 деп аталган вирус өзүнүн түрүн өзгөртүп, адамдардын арасында жайылышы мүмкүн экенин далилдеди.
Дүйнөлүк Салыматтык Сактоо Уюму сасык тумоонун коркунучу жөнүндө бир жылдан бери эле айтып келатат. Декабрь айында уюмдун жооптуу кызматкери Клаус Штор Азаттык радиосуна берген интервьюсунда грипп эпидемиясынын пайда болуу коркунучу дагы эле күчүндө экенин айткан.

Aдам баласынын грипттин эпидемиясына дуушар болуусу күмөн туудурбайт. Бирок ал оору быйыл тутанабы, же келерки жылы жайылабы, аны эч ким билбейт. Ооруга H5 N1 вирусу себеп болобу же башка бир вирусбу, ал да белгисиз,- деген Штор.
Бирок оору тутанган былтыртан бери дүйнө коомчулугундагы дүрбөлөң кыйла басаңдагансып калды. Уюмдун Женевадагы өкүлү Мари Чең муну өткөн айларда сасык тумоого байланыштуу адаттан тыш окуялар орун албагандыгы менен чечмелеп, ошону менен бирге эле кадимки грипттен жабыркап келаткан адам баласы эми грипттин жаңы өтө коркунучтуу түрүнө кабылышы мүмкүн, деп эскертет.
Канаттуулар сасык тумоосу менен бирге эле жер шарын кадимки грипттин вирусу да маал маалы менен каптап турат. Бул эки вирустун аргындашуусунан грипптин өтө коркунучтуу жаңы түрү пайда болуп, жер жүзүн капташы мүмкүн,- дейт Чең.

Адистер эгерде вирус канаттуулардан үй жаныбарларына, мисалы чочколорго жайылчу болсо, анда вирустун мутациялануусуна жол ачылды, дей бериш керек дешет. Ал эми башка бир адистер тобу канаттуулардан жуккан грипп негизинен балдар менен жаштарды катуу жабыркатып жатканын, орто жашаган жана улгайган адамдардын организминде ооруга каршы иммунитет бар экенин божомолдошот. Буга чейин жаныбарлар менен жүргүзүлгөн тажрыйба грипттин жаңы түрү адамдын өмүрү үчүн өтө коркунучтуу экенин далилдеди.

Бирок анткени менен илдетти изилдеп, ага каршы чечкиндүү чара көргөнгө каражат жетишсиз. "Nature" журналынын редактору Алдоус бул жөнүндө мындай дейт:

Азыркыга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжалары тынчсыздандырарлык. Бул оору жөнүндө дагы көп нерсе бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Бирок жугуштуу илдеттин очогу пайда болгон Вьетнамдын өзүндө изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлдүрүп алуу өтө кыйын. Анын себеби биз - өнүккөн өлкөдө жашагандар: "оору бизден алыс жаткан Түштүк-Чыгыш Азияда, ал бизге баары бир жетпейт"- деген алдамчы ойго жетеленебиз. Кептин баары мына ушунда.

Сөзүн жыйыныктап келип, Алдоус "мага тийбеген чучук жини менен кайнасын" деген мындай позиция- чоң катаачылык экенин, анын кунун адамзат миллиондогон кишилердин өмүрү менен төлөп калышы мүмкүн экенин эскертет. Ал 20- кылымдын башында тутанган грипп эпидемиясын мисал келтирет. Андан айрым эсептөөлөр боюнча кеминде 20-40 миллион киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG