Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Ош-Бишкек авто жолунда көчкү жүрүү коркунучу жок


БИШКЕК. Ош-Бишкек авто жолунда жакынкы күндөрү кар көчкү жүрүү коркунучу жок. Мындай маалыматты 13-январда Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги таратты. Аталган министрликтин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, соңку бир нече күндөн бери Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистери Ош-Бишкек жолунда «көчкү жүрөт» деп шектелген жерлеринде иликтөө жүргүзүшкөн. Натыйжада Алабел ашуусунда жана Чычкан өрөөнүндө жааган кардын калыңдыгы көбөйүп жаткандыгы байкалып, аталган аймактарда азырынча көчкү жүрүү коркунучу жок экендиги аныкталган. «Мындай иликтөөлөр келечекте да улантылат. Эгерде көчкү жүрүү коркунучу болсо, жасалма жол менен көчүрүү иш чаралары жүргүзүлөт» деп жазылган Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG