Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жаңы үлгүдөгү паспорт бекер берилбейт


БИШКЕК. Бул өңүттө Кыргыз өкмөтү менен макулдашуу боло элек. Мындай пикирин Эл аралык миграция уюмунун Казакстандагы миссия башчысы, «Кыргызстандын паспорт системасын модернизациялоо» долбоорунун менеджери Майкл Чанс 13-январдагы маалымат жыйынында билдирди. Премьер-министр Николай Танаев жакында жаңы паспорт берүү тууралуу токтом чыгаарын белгилеп, алгачкы 140 миң паспорт бекер берилээрин, анын каражатын эларалык уюм мойнуна алып жатканын белгилеген болчу. Танаев "Кыргызстанда эч кандай паспорт кризиси жок" деп билдирген.
Паспорт маселесин Жогорку Кеңеш жыл этегинде карап, ага байланыштуу өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, жаңы паспортту берүүгө тыюу салган. Муну депутаттар паспортко мамлекеттик атрибуттардын туура эмес түшүрүлүшү, нускаларды даярдоонун каржылык өңүтү өңдүү маселелер менен байланыштырып, жылдын «аферасы» деп аташкан.
Миграция боюнча эларалык уюм болсо калкты паспорт менен камсыздоо жараянынын убактылуу токтотулушуна тынчсызданып, элге жаңы паспорт берүүгө ички саясаттагы маселелелер таасир этпес деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG