Миграция боюнча эл аралык уюм Кыргызстандагы паспорт ситсемасын өзгөртүү иштерине атайын долбоордун алкагында жалпысынан 1 млн 600 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каражат жумшады. Аталган уюмдун Казакстандагы миссиясынын жетекчиси жана анын “Кыргызстандагы паспорт системасын модернизациялоо” долбоорунун координатору Майк Чанс белгилегендей, учурда Кыргызстандагы паспорт системасы кризистик абалда турат:
Паспорттук система бул өлкөдө көптөн бери кризистик абалда турат. Бирок, биздин уюм өлкөдө жаңы паспорт системасын калыптандыруу иштерине жардам көрсөтүү аракетин жасады. Азыр жаңы паспорт системасын киргизүү жараяны да кризиске учурады. Бирок, бул жагдай биздин уюмга байланыштуу эмес. Ал эми бул кризистен чыгуунун бир гана жолу бар – бул жаңы паспорт системасына өтүү. Бүгүнкү кризисти чечүү - эски паспорт системасына кайтуу эмес , - дейт Майкл Чанс.
Ал эми өкмөт башчы Николай Танаев 11-январда журналисттерге берген маалымат жыйынында Кыргызстанда паспорттук кризис жок деп билдирген:
Бизде паспорттук кризис жок. Мен паспорттук кризис деген мындай аныктаманы ким ойлоп чыгаргынан билбейм. Биз 94-жылкы үлгүдөгү паспорттордун жарактуулугун белгисиз мөөнөткө узарттык. Бул паспорттор эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет. Аны менен биздин атуулдар кайсы чет өлкөгө болбосун, чыга алышат , - деп билдирген Николай Танаев.
Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкүлү Майк Чанс белгилегендей, Кыргызстанда кыска мөөнөттүн ичинде жаңы паспорттор бериле башташы керек.
Анын пикиринде, буга чейин тендерден утуп чыккан Молдованын “Регистру” ишканасы тарабынан даярдалып, мамлекеттик герби окшошпой калган 141 миңге жакын паспорт Кыргызстандын атуулдарына акысыз эмес, төмөндөтүлгөн баада жана кыскараак мөөнөткө берилиши керек. Ал эми буга чейин, премьер-министр Николай Танаев жаңы үлгүдөгү бул паспорттор өлкө атуулдарына акысыз берилет деп маалымдаган:
Бизде жаңы үлгүдөгү паспорттордун 141 миңге жакын бланкттары бар. Аларды Миграция боюнча эл аралык уюм сатып алат Биз бул паспортторду биз 1 жылдык мөөнөткө жана акысыз бере баштайбыз .
Бирок, Миграция боюнча Эл аралык уюмунун өкүлү Майк Чанс премьер-министрдин мындай маалыматын четке какты:
Бул туура эмес түшүнүк болуп калган, же болбосо, туура эмес айтылып калган. Мен билбейм , -деди Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкүлү.
Миграция боюнча эл аралык уюмунун “Кыргызстандагы паспорттук системаны өзгөртүү” долбоорунун эксперти Бермет Молдобаева белгилегендей, буга чеийн чыгарылган 141 миңге жакын паспорт эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет:
Техникалык жактан документ эл аралык стандарттарга ылайык чыгарылган жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган. Бул паспорттор толугу менен эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок, андагы кемчилик “Мамлекеттик символикалар жөнүндөгү” мыйзамдын эталонуна жооп бербегенинде , - дейт Бермет Молдобаева.
Миграция боюнча Эл аралык уюмдун өкүлдөрү билдиришкендей, эгерде Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштабаса, өлкө атуулдарынын чет өлкөлөргө 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор менен чыгышы алар үчүн опурталдуу кырдаалды түзөт. Анын үстүнө, Кыргызстандагы бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен консулдуктары эски үлгүдөгү паспорттор менен жүргөн атуулдарга виза ачылбайт деп , Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги кеңсесине билдиришти.
Азырынча, жаңы үлгүдөгү паспорттор кайрадан качан чыгарыла баштаары белгисиз. Анткени, жаңы паспортторду чыгаруу боюнча тендерди утуп чыккан ишкана кыргыз өкмөтүнө алдын ала акча төлөө шартын коюушу да ыктымал.
Жаңы паспорт системасынын алкагында өлкөдө атуулдарга паспортторду берүү тартиптери да эл аралык стандартарга ылайыкташтырылат. Мисалы, азыр Кыргызстанда канча адам паспортторуна чет өлкөгө чыгууга уруксат берген баракчасын ачкандыгы тууралуу так маалымат жок. Жаңы системанын киргизилиши менен, паспортторду алган атуулдардын статистикасын аныктаган атайын маалымат борбору ачылат.
Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкүлү Бермет Молдобаева белгилегендей, азыр уюмдун алдында турган башкы маселе:
Биздин башкы максат - калкка жаңы паспортторду алууга жардам берүү. Азыр көптөгөн адамдар чет өлкөлөргө чыга албай жүрүшөт. Көптөгөн студентер окууга чет өлкөлөргө чыга албай жатышат. Азыр биз өкмөт менен кандай тартипте калкка паспорт маселесин чечүүдө жардам көрсөтө алышыбыз боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз , - деп маалымдады Бермет Молдобаева.
Өкмөт жакынкы күндөрү жаңы үлгүдөгү паспорттун баасы жана кайсы мөөнөттө атуулдарга бериле баштаары жөнүндөгү өз чечимин жарыялашы күтүлүүдө.
Паспорт маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында каралып, өкмөттүн Кыргызстанда жаңы паспорт системасын киргизүү боюнча иш аракеттерин канааттандырарлык эмес деп табылган. Жыйын атайын токтому менен, жаңы үлгүдөгү паспорт берүүгө тыюу салган.