Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

КЫРСЫКТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ БОРБОР АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИ ДА ЖАРДАМ БЕРДИ


Кубат Оторбаев, Прага Бириккен улуттар уюму 26-декабрда болгон суу каптоодон жапа чеккен Түштүк Азия мамлекеттерин колдоого зарыл 1 миллиард долларды ушул айдын аягына чейин берүүнү өтүнүп жатат. Дүйнө мамлекеттери азыр ал сумманын үчтөн эки бөлүгүн которду. Башкалар сыяктуу эле Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде, узакка созулган согуштан оңоло албай жаткан Ооганстан да өз көмөгүн көрсөтүүдө.

Башка мамлекеттер сыяктуу эле Борбор Азиядагы өлкөлөр да топон суудан жапа чеккен Инди океанынын алабындагы мамлекеттерге колдон келген жардамын аяган жок деп айтылат маалыматтарда. Алар он миллиондогон долларды нак которбосо дагы, жардам негизинен тамак-аш, дары-дармек түрүндө жөнөтүлүп жатат. Кан тапшыргандар да бул өлкөлөрдө аз эмес.

Атап айтканда 12-январда Бишкектеги “Манас” аба майданынан Индиянын борбору Делиге учак менен тамак-аш, кийим-кече жөнөтүлдү. Суу ташкындан жабыркагандарды колдоо максатында 10-январда Бишкекте кайрымдуулук марафону өткөн. Азыр да акча чогултулуп, акция уланууда. Президенттик администрациянын өкүлү Ирина Оролбаеванын айтымында Кыргызстан муну менен эле чектелип калбайт:

– Делиге кадимки рейс менен жөнөтүлдү. Бирок муну менен эле токтоп калбайбыз. Биз банкта атайын счет ачканбыз, акчанын түшүшүн күтүп жатабыз.

Эсиңиздерге дагы бир жолу салып өтөйүн – 26-декабрда Индонезиянын Суматра аралдарынын жанында күчү 9 баллдык катуу жер титирөө болуп, ал чоң толкундарды пайда кылган. Суу каптоодон 156 миң адам каза таап, эбегейсиз чоң материалдык чыгым келтирилди.

Борбор Азия мамлекеттери ичинен Ооган өкмөтү да колдон келгенин кылууда. Азыр айрым оогандыктар кан тапшырып жатышат. Алардын бири – Мазари-Шариф шаарынын тургуну Ахмад Халед:

– Менин дүкөнүм бар. Мен жер титирөөдөн жабыркагандарга деп кан тапшырдым. Биз ушундай гана жол менен жардам бере алабыз, анткени акча тартыш.

Ооганстандын өкмөтү бейтаптарды айыктырсын деп Түштүк Азия мамлекеттерине 25 доктурду жөнөтүүдө.

Өткөн аптада болсо Өзбекстан Индонезиянын Медана шаарына 35 тонналык гуманитардык жардамды учак менен жөнөткөн. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жардам негизинен дары-дармек, тамак-аш, моторлуу кайык, тикучактын кошумча тетиктеринен турат. “Өзбекстандын аба жолдору” компаниясы болсо Дания менен Швейцариянын жардамын Түштүк Азияга жеткирүүгө кол кабыш кылып жатат.

Кырсык болгондон бир аптадан кийин эле Казакстандын ИЛ-76 учагы Карагандадан көтөрүлүп, Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарына 40 тонна тамак-аш, 4 тонна дары-дармек жеткирген. Мындан тышкары Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кырсыктан жабыркагандардын эсебине которду. Казакстандын коммерциялык банктары атайын счетторду ачып, мекеме-уюм, элден акча чогултуп жатат.

Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Ян Эгеланддын шейшембиде Женевада өткөн эларалык жыйында айтканына караганда дүйнө коомчулугу кыска убакыттын аралыгында 700 миллион доллар топтоду.

– Мындай мурда деле болуп көргөн эмес – кырсыктан кийинки эки аптада биз 717 миллион доллар чогулттук. Ал акчаларды көмөк берүүгө гана жумшайбыз, - деди ал канаттануу менен.

Эгеланддын айтымында ар тараптан келген жардамдын аркасында кырсыктан кийин болуучу ачкачылык жана жугуштуу ооруларды токтотуп, дүйнө коомчулугу миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калды. Бирок Кызыл чырым уюмунун эскерткенине караганда Инди океанынын алабында абал биротоло жакшырды деп айтууга али эрте.

XS
SM
MD
LG