Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө чогулбайбы?


БИШКЕК.14-январда Мыйзам чыгаруу палатасынын бир катар комитеттери жыйын өткөрүшүп, 17-январда карала турган маселелерди такташты. Соттук укуктуулук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, комитет эң ириде Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу палата 23-ноябрда кабыл алып, президент 29-декабрда кол койгон мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароосун сунуш кылды. Анткени, «депутаттыкка талапкердин арызын Жогорку Сот 10 күндүн ичинде карайт» деген жобо мыйзамдын кыргыз тилиндеги котормосунда «10 күндөн кийин каралат» деп жазылып калган. Депутаттын айтымында, сот кыргыз тилинде жазылган жобонун негизинде арызды он күндөн кийин карап, талапкерлердин жарышына тоскоолдук кылышы мүмкүн. Андан тышкары экс-элчилердин талапкер болуусуна тоскоол болуп жаткан 69-беренени оңдоо жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бирок, аны тезинен кабыл алууну колдоо кайрылуусуна 8 гана депутат кол койду. Андан тышкары бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгон депутаттар 17-январда жыйынга келбей, палатанын ишин токтотуусуна негиз түзүлөт деген да маалымат пайда болду.

XS
SM
MD
LG