Түндүк Кореяга америкалык Конгресстин өкүлчүлүгү келип кеткенден кийин, өлкө жетекчилиги эл аралык сүйлөшүүлөргө катыша турганын бүгүн билдирди. Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселе буга чейин бир нече жолу эл аралык деңгээлде талкууланган, бирок өткөн сентябрга белгиленген кезектеги сүйлөшүүнү Пхеньян бойкоттогон. Сүйлөшүүлөргө эки Корея, Жапания, Кытай, Орусия жана АКШнын өкүлдөрү катышат.