ОШ. Бул жөнүндө бүгүн массалык маалымат каражаттары үчүн нааразылык билдирүүсүн тараткан Карасуу районундагы «Таза өмүр» бей өкмөт уюмунунун жетекчиси Адыл Бекташев укуктук жана социалдык багытта иш алып барып жатышкан бир катар коомдук уюмдардын өз өкүлдөрүн округдук шайлоо комиссияларынын курамына киргизүүгө жасалган аракеттери ар кандай шылтоолордун негизинде четке кагылгандыгын билдирди. «Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын» Ош облустук бөлүмүнүн координатору Руслан Ташановдун пикиринде көпчүлүк округдук шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн чучукулак жактуу бир катар эрежелер эске алынбаган. Оштогу көпчүлүк бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү округдук, облустук жана борбордук шайлоо комиссияларынын мындай мамилесине карата адекваттуу иш чаралар жакында белгиленип жаткан тегерек үстөл жыйынында талкулана тургандыгын билдиришти.
Ош обласындагы округдук шайлоо комиссияларынын курамына көпчүлүк өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргизилген жок