Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Жарандык коом өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңеш токтомуна каршы


БИШКЕК. Бишкек шаардык кеңешинин атуулдардын тынч митинг, жана жыйындарды өткөрүүсүнө тыюу салуу тууралуу токтому Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келет жана аны жакын аранын ичинде жокко чыгаруу зарыл. Мындай мазмундагы билдирүүнү 15-январда Төлөйкан Исамилова жетектеген «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму таратты. Билдирүүдө ошондой эле мындай токтом аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн ири коррупциялык аракеттерине каршы чыккан атуулдардын тынч пикет өткөрүүсүнө ар тараптуу тоскоол болоору айтылып, шаардык кеңеш депутаттарынан жакын арада бул токтомду жокко чыгаруу сунушталган.
Бишкек шаардык кеңеши 11-январда жыйын өткөрүп, атуулдардын тынч жыйын, пикет өткөрүүсүнө тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG