Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:31

Коалициялык аскерлер Ирактагы Вавилон шаарына олуттуу зыян келтиришти


ЛОНДОН. Ирактагы коалициялык аскерлер байыркы Вавилон шаарына олуттуу зыян келтиришти, деп билдирет Британ Музейинин адистери. Эксперттердин баяндамасында Америка менен Польшанын аскердик машынелери байыркы шаардын таш төшөлгөн көчөлөрүн кыйратып салышканы жөнүндө айтылат. Вавилон шаарына эң кеминде 2600 жүз жыл толду, ал цивилизациянын бешиги болуп саналат. Шаар дүйнөнүн кайталангыс жети кереметинин бири болуп эсептелет. 2003-жыл апрелде Вавилондо Американын аскердик базасы курулуп, кийин ал польшалык аскерлерлерге өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG