Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

АБУ ГРЭЙБ ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ БИР АМЕРИКАЛЫК АСКЕР СОТТОЛДУ


Айнура Жекше кызы, Бишкек. Ишембиде АКШнын трибуналы Чарльз Грэйнер аттуу аскерди 10 жылга түрмөгө кести. Соттун өкүмүндө Грэйнер 2003-жылы Ирактын Абу Грэйб абагындагы туткундарга карата зордук-зомбулук, кордоо аракеттерин жетектегендердин бири болгон деп айтылат. Мындай айып үчүн максималдуу мөөнөт 15 жыл . Грэйнер болсо өзүн айыптуу деп эсептебейт. Аныны адвокаты апелляциялык арыз даярдай тургандыгын ырастады.

Техастагы Форт Хууд аскерий базасында өткөн сотто Грэйнер ирактык туткундарды физикалык жана сексаулдык мазактоого алгандыгы үчүн
10 пункт боюнча күнөөлүү деп табылды. Далил катары дүйнө боюнча көргөзүлгөн сүрөттөр келтирилди.

Абакта отургандарды жылаңач кылып тизип алып, шылдыңдап, аларга зөөкүрдүк көрсөткөндөн тышкары Грэйнерге бир туткунду метал чыбык менен башка ургандыгы үчүн айып тагылды. Ошол туткун эс учун жоготуп, оор жаракат алган.
Грэйнер өкүмгө карата эч кандай реакция көрсөткөн жок:

Мен солдатмын. Туура эмес бир нерсе жасаган болсом. Согушта ар кандай терс көрүнүштөр боло берет.

Анын адвокаты Ги Вомак апелляциялык арыз берээрин ырастайт:

Грэйнер 10 жылга кесилгени менен, сот залынан башын бийик көтөрүп чыкты. Биз апелляция кыла турган пунктар бар деп ойлойм, өкүм жумшартылат деген үмүттөбүз.

Абу Грэйб түрмөсүндөгү мыйзам бузууларга байланыштуу буга чейин айыпталган америкалык 4 аскер өз күнөөсүн мойнуна алышкан. Грэйнер болсо өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Процесске катышкан прокурорлор кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты, бирок алардын биргелешкен билдирүүсүндө дүйнөлүк коомчулук трибуналга байкоо салып тургандыгы маанилүү болду деп айтылат.

Сотто Грэйнер туткундарды суракка алууну жеңилдетиш үчүн аларды мазактоо буйругу АКШнын чалгындоо кызматтары тарабынан берилгендигин ырастады.
Айыпкердин энеси Ирма Грэйнер анын баласы жогорку офицерлердин көрсөтмөсүн аткаргандыгын, эми күнөөнүн бардыгы жалгыз ага жүктөлгөндүгүн айтты:

Буйрукту аткаргандыгы үчүн 10 жылга кесилип отурат.

Туткундарды кемсинтип, маскаралап жаткан кезде тартып алынган сүрөттөрдө эмне үчүн жылмайып турасыз деген суроого, айыпкердин адвокаты – бул нервтен деп жооп берди.

Абу Грэйбде тартылган сүрөттөр алгачкы ирет былтыр апрелде Си-Би-Эстин программасында көрсөтүлгөн. Бир айдан кийин президент Буш коргоо министри Рамсфелдке ушундай абийрсиздикке тиешеси бар аскерлерди жазалоо тапшырмасын берген.

XS
SM
MD
LG