Экинчи айлампада өлкөнүн азыркы президенти Стипе Месич менен башкаруучу партия – Хорват демократиялык союзунун талапкери, вице- премьер- министр Ядранка Косор атаандашууда. Биринчи айлампада Месич 49%, Косор 20% добуш топтогон. Сурамжылоолорго караганда, Стипе Месич бийлигин экинчи мөөнөткө сактап калат сыяктуу. Эки талапкер тең өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүүсүн жактайт.