Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

ЫРГА АЙЛАНГАН ӨМҮР


Балбай Алагушов, Бишкек. Кыргыз элинде кылымдардан бери «Таш түшсө таалайыңдан көр» деген канаттуу накыл кеп айтылып келет. Ансыңарындай Гүлчахра Валулина мелмилдеген учу-кыйырына көз жеткис, кең мекен Россиянын Челябенский аймагындагы Ичкин айылында төрөлсө да, тагдыр айдап, 30-жылдардын башында ата-энеси менен ордо калаага көчүп келет.

Ошентип, Гүлчахра балалыктын балдай таттуу күндөрүн, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон жаштыктын күлгүндөй курагын борбордо өткөрөт. Шаардагы татар-өзбек орто мектебинде окуйт. Курдаштарынын арасына татар, өзбек эл бийлерин ийиктей чимириле, бийлеген бийчи катары таанылат. 1940-жылы Кыргыз Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү филармониясынын бий ансамблине сынактын жеңүүчүсү катары иштөөгө кабыл алынат. Ал топ менен бирге түрдүү улуттардын элдик бийлерин бийлейт. Анан жаш бийчи «көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болот» дегендей залкар шайырлардын ырдаган ырларын, чертишкен күүлөрүн угат. Бул болсо анын шык учкунун жалбыртай жанышына бирден-бир себепчилерден болот. Анда эмесе, Гүлчахра эженин алгачкы жолу ыр дүйнөсүнүн босогосун кандайча аттаганын өз оозунан угалы:

- Туз буюруп бий тобунда иштеп калдым. Улуу шайырлардын ырларын, күүлөрүн, филармониянын хорунун аткарган чыгармаларын угуп жүрдүм. Айрымдарынын ырларын жаттап алып туурап кыйшаңдап ырдап да жүрдүм. Бир күнү азыркы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, көркөм жетекчиси Федор Петрович Шубин көрүп калып: - «А ну-ка иди сюда, пойдем» - деп, кичинекей бөлмөгө чакырып барып ырдатып көрүп: -«Бүгүндөн баштап занимайся» деп, концертмейстр кызга табыштап: - Мен оркестрге кошуп алам – деди, Күнүгө концертмейстр менен машыгуу өткөрүп жүрдүм. Он күн өтүп өтпөй оркестрдин коштоосунда ырдап чыктым.

- Ошол алгачкы жолу ырдаган ырыңыз эсиңизде барбы?

- А.Темировдун «Бешыргайын» «Беш ыргай, беш ыргай» деп секирип ырдап чыксам, маркум Федор Петрович Шубин чегирткедей секирип ырдайсың» деп тамашалап койду.

- Ошол кезде атактуу манасчылардын, ырчылардын, комузчулардын кимдери менен иштешип калдыңыз?

- Менин өмүрлүк жолдошум кыргыздын тунгуч дирижеру Шейше Орозов эле ал да филармонияда иштөөчү. Ошондуктан бардык атактуу шайырлар менен бирге иштештим. Атап айтсам Калык, Молдобасан, Карамолдо, Ыбырай, Саид, Атай, Жумамүдүн, Муса жана башкалар менен иштештим. Алар биздин үйгө да көп келип турушчу.

- Гүлчахра эже , «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей кыргыз филармониясында 40 жылдан ашык убакыт иштепсиз? Залкар композиторлор Жумамүдүн Шералиев атайын сизге арнап «Түшүмдө» аттуу лирикалык ырын жазыптыр. Ошол чынбы?

- Жумакем менен дайыма бирге командировкада жүрчүбүз. Мен Жумакем менен бирге дуэттешип «Сулуу кыз», «Кыз жигит» жана башка ырларын бирге ырдачубуз. «Сени сүйөм сулуу кыз» деп ырдаганда кыйшаңдап коючумун. Ал бир күнү айтты «Түшүмдө» аттуу ырымды сага арнап жаздым - деп, үйрөтө баштады. Бат эле үйрөнүп алдым. Ошондон тартып «Түшүмдөнү» ырдап калдым.

- Эже, эсиңизде болсо, бир чети өткөн жаштык чагыңызды эскерип «Түшүмдөдөн» бир шиңгил угармандарга таштап койсоңуз?

«Түндөгү (гана) менин ээ-й) түшүмдө,
Түйүнүң (гана) чечип эй түшүнсө,
Түңүлбө (гана) менден (эй) жаш көңүл,
И, койчу, түбөлүк (а) үчүн (эй) түзүлсө»



- Гүлчахра эже композитор Акмат Аманбаев да сизге «Эмне үчүн» аттуу ырды арнап жазыптыр. Ошол ырдан бир шиңгил ырдап берсеңиз?

- «Жыттасам гүлдү канамын,
Бал жесем бачым танамын
Ан сайын артып кумарым,
Бир гана өзүңдү келет ырдагым».


- Бул ырды кандайча ырдап калдыныз эле?

- Композитор Акмат Аманбаев филармонияда көркөм жетекчи болуп иштөөчү. Бир күнү өзүнө чакырып алып: «Гүлчахра акын Субайылда Абдыкадырованын «Эмне үчүн» деген ырына обон жаздым. Ошону ырдап жүр. Композиторлор коюзунун төрагасы А.Малдыбаевге ырдап бер. Жактырса элге ырдап чык – деди. Абдылас агайга ырдап бердим. Ал киши аябай жактырды. Ошондон баштап ырдап калдым.

- Гүлчахра эже, 40 жылдан ашык убакыттан бери ар кандай маңыздагы ырларды эл алдына ырдап жүрдүңүз. Алардын деми, күчү сизге таасир этчү беле?

- Аябай таасир этчү. Себеби, мен сахнага чыкканда эл алдында ушунчалык берилип ырдоочумун жана угармандарды өтө сыйлоочумун. Эл жакшы кабыл алып кол чапкан сайын кыйшаңдап эргип ырдоочумун. Азыркы кезге чейин угармандар – «сахнаны, ырдаганды сагынасызбы» -деп, сурашат. Ооба, аябай сахнаны сагынам.

- Жаш кезиңизде ырдаган ырларыңызды, басканда, турганда да, үйдө отурганда эсиңизге түшүрөсүзбү?

- Түшүрөм. Көчөдө жүргөндө, үйдө отурганда, кыңылдап ичимден ырдап коём. Катуу ырдайын десем: - Карыганда эжебизге жин тийдиби – деп, кошуналар айтышабы деп да уялам.

- Гүлчахра эже маданият кызматкерлеринин арасында азыркы сиз жашап жаткан квартирада 40-жылдарда атактуу композитор Владимир Георгиевич Фере жашоочу, ал Москвага кетип жатканда Сизге белекке таштап кетиптир деген кеп-келечтер айтылып келет. Ошол чын беле?

- Азыркы мен жашап жаткан үйдө композиторлор В.Власов, В.Фере жашап турушту. Биринчи кабатта эл артисти Ашыраалы Боталиев жашоочу, Владимир Георгиевич Фере биздин филармонияда көркөм жетекчи эле. Бир күнү чакырып алып Гулчахра (Галя) мен Москвага кетип жатам. Мен квартирамды сага таштайм. Сен жаша – деп, Фрунзе шаардык аткаруу комитетине барып арыз жазып мага калтырды. Ошондон бери ушул квартирада турам.

- 1943-жылдан бери азыркы турган квартирада жашайт экенсиз. Эскилиги жетип, бир бөлмөсүнүн төбөсү түшөйүн деп салаңдап калыптыр. Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсионери катары жардам сурап жогорку жетекчилерге кайрылдыңызбы?

- Жок. ЖКОго барсам квартира менчиктештирилген. Өзүңүз оңдоп, ремонттоп алыңыз - дешти. Акчам жок. Кудайдын жазганын көрөм - деди Гүлчахра эже.

Жашап жаткан квартирасынын бир бөлмөсүнүн төбөсү түшүп турса да, Гүлчахра эже жаадырай жайнай, Насыр Давлесовдун «Жылкычы бозой» аттуу ырынын төмөнкү саптарын:
Аргымак минип туйлаттың бозой
Ай жарык тоодо түн каттың бозой,
Анда бир санда көрүнүп коюп,
Ашыктык отун ырбаттың бозой – деп созолоно ырдап коштошту.

Мен Гүлчахра эженин бир чети эркинин күчтүүлүгүнө, кайраттуулугуна, ыр менен жашап жатканына суктана жол тарттым…
XS
SM
MD
LG