Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык 17-январда парламенттик шайлоого талапкерлерди жылдыруунун мөөнөтү соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бул күнгө карата өлкө боюнча депутаттыкка талапкер катары 235 жаран көрсөтүлдү. Алардын ичинен 62 талапкер округдук шайлоо комиссияларынан каттоодон өткөрүлдү. Кыргызстандын шайлоо кодексинин 72-беренесине ылайык талапкерлерди көрсөтүү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калганда, ал эми депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо өткөрүлө турган күнгө 35 календардык күн калганда соңуна чыгат. Шайлоо 27-февралда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG