БИШКЕК. 17-январда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Пакистанга расмий сапар менен кетти. Ал Пакистанда президент Первез Мушарафф менен эл аралык терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыкты негизги маселелердин бири катары талкуулайт.
Президент Акаев ушул эле күнү Пакистанга сапардын алдында АКШ баштаган антитеррордук коалициянын «Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» авиабазасына барып, аскер кызматкерлеринин жашоо шарты менен таанышты. Акаев өз сөзүндө Ооганстанды биротоло калыбына келтиргенге чейин Кыргызстандын жана Борбор Азиянын коопсуздугун камсыздоо үчүн авиабазанын зарылдыгын белгиледи. Акаев авиабазада учактарга абада май куюучу КС-135 үлгүсүндөгү учакты көрдү. Бул тууралуу маалыматты улуттук «Кабар» агенттиги таратты.
«Ганси» авиабазасына Нидерланды, Испания аба-аскерий күчтөрүнүн учактары жана АКШнын аскерлери жайгашкан. Алар Ооганстандагы терроризмге каршы операциялардын алкагында стратегиялык учууларды ишке ашырып турат.