Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

КОРКОКТОРДУ ТЕБЕЛЕШ ОҢОЙ, БОРООН БОЛООР АЛДЫНДА , КОНТРАБАНДАДАН 1 МИЛЛИАРД СОМ ЧЫГЫМ


Кабыл Макеш, Бишкек. 18- январдагы “ Аалам” басылмасы журналист Чолпонбек Абыкеевдин өлкөдө идеология жоктугун, алдамчылык өкүм сүргөнүн талдоого алган макаласына жарыялады. “Агым” гезити президент Аскар Акаев оппозицияны, депутаттарды, Жорж Соросту, Грузия менен Украинаны айыптаганын жазды. “ Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөдөгү контрабанда тууралуу маалымдады.

18- январдагы “ Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаевдин “Бороон болоор алдында” деген макаласында президент Аскар Акаевдин Ош облусун кыдыргандагы сөздөрүн маалымат иретинде келтирди. Анда Аскар Акаев Кыргызстандагы бар балээнин башкы себепчисин оппозиция, депутаттар, Жорж Сорос, Грузия, Украинадан таап, кыргыздар үчүн ыңкылап доору 20- кылымда эле бүткөнүн, акыркы 2 жылда учурдагы парламент ташыркап калганын айткан. “Экономикалык көрсөткүчтөрүбүз Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүкүнөн да жогору. Ошон үчүн быйылкы мартта да Париж клубу 400-500 миллион доллар карызыбызды кечип ийет деген үмүтүм чоң. Ал эми президент Михаил Саакашивили жана анын өкмөтү миллиардер Жорж Соростун айлыгына күнү түшүп турган кези. Ыңкылаптын айынан Украина Чыгыш- Батышка бөлүндү, экономикасы өлдү. Украиндер коррупциянын тамырын кыйып, мыкты лидерлерди бийликке апкелүүгө умтулду эле, тескерисинче үмүттөрү талкаланды. Виктор Ющенко Улуттук банкта төрага кезинде 600 миллион доллар жоготуп, ошонун айынан отставкага кеткен неме” деп айткан Оштогу жолугушууларда Аскар Акаев. Ошондой эле “Эл аралык бир катар уюмдар бар. Алар калкты бөлүп-жарып, экономикасын сызга отургузуп, көзкаранды кылууга ынтызар. Кудум ушундай мекемелер “Атажурт” кыймылын түзүп, каржылап жатышат. Биздикилер сары түстү тандашканы да чатак. Эли-журтубуз мындай авантюрист- порвокатарлордун жетегине кирбей, арам тилегин ташкаптыраарынан шегим жок.” деген президент Аскар Акаевдин сөзүн келтирип, “ Агым” гезитине жарыялаган, кабарчы Алишер Токсонбаев.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

- Окурмандардын суроолоруна жооптор “Бопоросуң барбы?” рубрикасында жарыяланды. “ Сессия сүртүмдөрүн” журналист Мамат Сабыров даярдады. Дүйнөлүк жана жергиликтүү жаңылыктар, кыскача кабарлар чыкты. Өткөн санда жарык көргөн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин “Түз байланыштагы” жоопторунун уландысына да орун берилди. Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкуловдун дарегине айтылган сын пикирлер “Сен жөнүндө 8 сап” рубрикасы боюнча берилди. “Жирный крест” деген ат менен маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен өкмөттүн жашыруун кеңешмеси жалган, атайын заказ менен даярдалган ушак- айын деген өкмөттүн билдирүүсү да жарыяланды.


18-январдагы “Аалам” гезитинде журналист Чолпонбек Абыкеевдин өлкөдө идеология жоктугун, орус тили үстөмдүк кылаарын, психологиясы алсыз, коркок жетекчилер Кыргызстанда өздөрү пиар оюнун түзүп, алдамчылык өкүм сүргөнүн талдоого алган макаласы жарыяланды. “Алар жок жерден чуу чыгарганга аракеттенет. Шайлоолордо жергиликтүү пиаршиктеге ишенбей Москвадан апкелип эбегейсиз каражат төлөшкөндөрүн кайсыл акыл менен ченейсиз? Учурда Кыргызстанда москвалыктар, алматылыктар жана украиналыктар тайраңдап жүрүшөт. Так ушул пиаршиктер азыр “Танаевдин стенографиялык сөзү” деген оюнду башташты,” деп жазат Чолпонбек Абыкеев.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындайча айтып берди.

- “Серий кардинал, арак заводу жана алайлык депутаттар” деген шайлоо маанайын чагылдырган макалада “учурда Бишкектеги арак заводун үйбүлөөнүн дагы бир мүчөсү президенттин күйөө баласы менчиктештирип алганын Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруужыйынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтканы” жарыяланды. Журналист Дыйканбек Садыковдун “Кавказдын бүркүттөрүнө эстелик” деген макаласында Кавказ темасын чагылдырып, анда бүгүнкү Кыргызстандын элеси көзгө тартылганы баяндалат.


17- январдагы “Вечерний Бишкек” басылмасынын кабарчысы Ойбек Хамитов өткөн жума күнү Жалалабад облусун кыдырган президент Аскар Акаевдин иш сапары тууралуу баяндады. Ушул басылманын кабарчысы Анара Солтоева өлкөдө аткезчилик менен күрөшү боюнча штаб түзүлгөнүн маалымдап, өткөн жылы контрабандалык жол менен келген күйүүчү май, ичимдик, тамекиден казынага 1 миллиард сомдук салык түшпөгөнүн талдоого алат. “Тамеки контрабандасынан эле өлкөнүн казынасына 165 миллион сомдук салык түшкөн эмес” деп жазат Анара Солтоева .
XS
SM
MD
LG