Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Жогорку Сот Р.Отунбаеванын мүдөөсүн чечкен жок

БИШКЕК.18-январда Кыргызстандын Жогорку Соту экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын арызын карап, Ленин райондук соттун 12-январдагы чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот анда Кыргызстандын аймагында акыркы беш жыл ичинде турбаган Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкер деп катталбаганы туура деген чечим чыгарган. Экс-тышкы иштер министри Жогорку Соттун чечимине нааразы болуп, эми өзүнүн конституциялык укугун коргоо үчүн Конституциялык сотко арыз жолдоорун билдирди. Буга чейин ушундай эле арыз менен экс-элчи Медеткан Шеримкулов да Конституциялык Сотко кайрылган.Бирок, анын арызы качан каралаары белгисиз.
XS
SM
MD
LG