Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу 27-февралга белгиленген парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясын 18-январда Бишкекте ачты. Курамында 12 эл аралык кызматкер кирген миссияны Словакиянын элчиси Любомир Копай жетектейт.Жакын арада аларга узак мөөнөттүү 18 байкоочу кошулмакчы. Копайдын маалымдоосуна караганда,Бюро 27-февралдагы добуш берүүгө байкоо жүргүзүү үчүн 170 байкоочуну чакырды. Миссия шайлоо кампаниясынын эл аралык стандартка туура келишин, ички мыйзамдардын аткарылышын, талаш маселелердин кандай чечилишине жана маалымат каражаттарындагы абалга көз салып, алгачкы тыянагын 28-февралда чыгарып, ал эми толук бүтүмүн бир-бир жарым айдын ичинде жарыяламакчы.