Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Президенттин уулу Айдар Акаев депутаттыкка аттанды


БИШКЕК. Президенттин чоң уулу Айдар Акаев №57 Кемин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталды. Мындай маалымат аталган округдук комиссиядан алынды. Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Нина Мухинанын айтымында, ал арызын 15-январда берген. 29 жаштагы Айдар Акаев өткөн айда Улуттук олимпиадалык комитеттин президенттигине шайланган. Ушул №57 Кемин шайлоо округу боюнча оппозициянын өкүлү Жыпар Жекшеев ат салышууга арыз берген. Ал эми президенттин тун кызы Бермет №1 Университет шайлоо округу боюнча талапкер болууга арыз берген округдан оппозициячыл «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жарышка чыгууга арыз берди. Президенттин жакындарынын бири, Ысыккөл облусунда турган балдызы Үкөн Исаева «Ынтымак» саясий партиясы тарабынан талапкерликке көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG