Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Украинанын Жогорку соту Януковичтин арызын карап жатат

Украинанын Жогорку соту 19-январда президенттикке талапкер Виктор Януковичтин арызын карады. Чечим жакынкы сааттарда кабыл алынышы ыктымал. 18-январда сот шайлоодо жеңүүчү деп табылып жаткан Виктор Ющенконун кайрылуусунун негизинде акыркы добуш берүүнүн ырасмий жыйынтыктарын 20-январга чейин жарыялоого уруксат берген чечим кабыл алды. Бул болсо өз кезегинде Виктор Ющенконун президенттик ант берип, кызматка киришүүсүнө мыйзамдуу жол ачат. Украинанын батыш облустарында 18-январда Януковичтин тарапкерлери митинг өткөрүп, бул аймакка көбүрөөк бийлик талап кылышты.
XS
SM
MD
LG