Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:03

АЖЫЛЫККА БАРГАНДАР АРАФАТТА СЫЙЫНЫШТЫ


Меккеде чогулган 3 миллиондун тегерегиндеги адам мусулмандардын беш парзынын бири - ажылык зыяратын аткарууда. Шаршембиде таңга маал зыяратчылар Арафат тоосундагы Мухаммед пайгамбар акыркы ирет табынган жерге агыла баштады. Сауд Арапстандын бийликтери дүйнөнүн ар тарабынан келген зыяратчылардын коопсуздугун 60 миңдей аскер кызматкери күзөтүп жатканын билдиришти.

Жылда өтүүчү ажылык зыяраттын ошентип, шаршембиде эң маанилүү бөлүгү башталды. Ушул күнү Меккеде чогулган 3 миллионго чамалаш мусулмандар Арафат тоосуна чыгып, Мухаммед пайгамбар соңку жолу сыйынган жерде табынышат. Дүйнөнүн ар тарабынан агылып келген момун мусулмандар Арафат тоосуна чыгып түшкөндөн кийин намаз окушуп, жаратканга алкоо айтып, кетирген күнөөлөрүн ырайым этүүнү суранышат.

Сауд Арапстандагы "Араб ньюс" аттуу англис тилинде чыгуучу алдыңкы гезиттин башкы редактору Файзал Али шаршембиде Арафат тоосунда турган жеринен "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Азыр ушул жерде, Арафат тоосунда туруп алып, биз эбегейсиз сандагы элди, кымгууттукту көрүп турабыз. Былтыр зыяратчылардын саны 2 млн. адамдын тегерегинде болгон, быйыл алар 3 миллионго чамалап барды. Андан улам Арафат тоосундагы, Мина жана Муздалифа өрөөнүндөгү кырдаалды өзүңүздөр элестетип көрсөңүздөр болот.


Быйылкы ажылык мурда болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары астында өтүп жатат. Ыктымал террордук чабуулдардан сактануудан башка былтыр жүздөгөн мусулмандардын өмүрүн алган – топон элдин тепсендисинде калуу, кадимки өрт сыяктуу кырсыктардан коргонуу иштери да жолго коюлган. Журналист Файзал Али коопсуздук чаралары тууралуу буларды айтат:

- Коопсуздук кызматынын 50 миңдей кызматкери күнү-түнү иштеп жатат, андан тышкары дагы 10 миңдей запастагы аскерлер күзөткө коюлган. Бардык жерлерде баш-аягы 5 миңдей полиция машинеси тынымсыз кайгуулда болсо, асманда 10 тикучак көзөмөл жүргүзүүдө. Ар кандай чабуулдардын коргонуу чаралары ушинтип күчөтүлгөн, бирок бул жерде чогулган зыяратчылар керээлден кечке сыйынуу, ыйык Куранды окуу менен алек, алардын оюна кимдир-бирөөнөн коркуу, чочулоо сезими келбесе деле керек, - деп билдирди Сауд Арапстандык кабарчы ажылыкка чогулган элдин арасында турган жеринен.


Бейшембиде зыяратчылар Муздалифа өрөөнүндөгү шайтандын үч таш сөлөкөтүнө жетиден таш ыргытышат. Былтыр ушундай жөрөлгө маалында элдин басырыгында калып, 250дөй адам каза тапкан. Сауди бийликтери быйыл андай көрүнүштөрдү болтурбоо максатында атайын чаралар көрүлгөнүн билдиришти.


Дүйнөдөгү 70тей өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да барган мусулмандар айт күнү Меккеде курмандык чалып, мал союп, бүткүл ислам жамааты менен бирге майрамдашат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG