Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

ООГАНСТАНДА АКЫРКЫ 30 ЖЫЛДА БИРИНЧИ ИРЕТ ЭЛ КАТТОО ӨТКӨРҮЛӨТ


Ооганстандын Борбордук статистика башкармалыгы өлкө калкын алдын ала эсептөөнү бүткөнү калды. Анын негизинде апрелде болчу парламенттик шайлоого ар бир провинциядан канча депутат шайланаары аныкталат. Чейрек кылымга жакын созулган ич ара согуштан кечээ жакында чыккан өлкөдө 1970-жылдардан бери жалпы элдик эл каттоо өткөрүлө элек болчу.

Али да майда барат кагылышуулар жүрүп жаткан өлкө үчүн эл каттоонун мааниси эбегейсиз зор. Анткени Кабулда жайгашкан Ооганстанды изилдөө борборунун директорун шайлоого мониториңг жүргүзүү программасынын жетекчиси Андрю Вилдер айткандай, Ооганстанда соңку 30 жылда жалпы элдик катоо өткөрүлгөн эмес:

- Ооганстанда азыр канча калк жашаганын так билүү өзгөчө маанилүү. 1970-жылдардын башынан бери эл каттоо өткөрүгөн эмес. 1979-жылдагы эл каттоо бүтпөй калган. Элдин саны ошол соңку эсептөөлөргө негизделип болжолдуу алынып келет. Калктын санын так билбей туруп, элдин билим деңгээли, балдардын өлүмү жана башка ушул сыяктуу зарыл көрсөткүчтөрдү алууга болбойт. Өлкөнү калыбына келтирүүгө жана өнүгүүсүнө байланыштуу долбоорлорду пландоо үчүн да элдин санын так билүү абдан маанилүү.

Вилдер айткандай, башка шаар-кыштактарды кой, азыр ордо шаар Кабулда канча адам жашаары белгисиз:

- Бизде Кабулда жашаган элдин саны жөнүндө да так маалыматыбыз жок. Качкындардын тыш жерлерден кайтып келиши элдин санына кандай таасир этти? Мектепке барчу балдардын саны, кат тааныгандардын эсеби, элдин өсүү ыраатын элдин так санына таянып аныктоого аракет кылабыз. Азыр бизде жалпылоого жана божомолго негизделип эсептелген гана маалыматтар бар.

Ооганстандын борбордук статистика башкармалыгынын төрагасы Ажмал Ватанярдын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, талибдер менен АКШ аскерлери башында турган коалициялык күчтөрдүн урушу жүрүп жаткан кээ бир аймактарда гана алдын ала эл каттоо өткөрүлө элек:

- Биз өлкөнүн 30 провинциясында жумушту бүттүк. Эл каттоо азыр Хелманд, Дайконди жана Пактика провинцияларында жүрүп жатат. Забол провинциясы гана калууда. Ал жакта каттоону жакында баштайбыз деп мерчемдеп жатабыз.

“Кожолуктун тизмеси” деп аталган азыркы санак ар бир провинциядагы кожолуктагы үй-бүлөнүн орточо санына негизделип эсептелген. Анын жыйынтыгына жараша апрелде болчу парламенттик шайлоого ар бир провинциядан канчадан депутат шайланаары аныкталып, мандаттар бөлүнөт.

Азыркы каттоо келерки жылдан кечиктирилбей өткөрүлчү жалпы улуттук эл каттоонун усул-жоболорун иштеп чыгуу үчүн да маанилүү. Өлкө үчүн өтө зарыл жараянга Улуттар Уюмунун элдин өнүгүүсүн изилдөө фонду көмөктөшүүдө. Фонддун Азия бөлүмүнүн жетекчиси Янмин Лин азырынча жалпы улуттук эл каттоо качан башталары белгисиз экенине көңүл бурат:

- Эл каттоочулар эсепти баштоочу күндү аныкташ үчүн көптөгөн жагдайлар тоскоол болууда. Биз бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого аракеттенип жатабыз. Эң алды техникалык экспертизаны бүткөрүү абзел. Анан иш башталып кеткенден кийин анын ийгилигине ишенгендей болушубуз керек. Эл каттоо учурунда эсепчилер үймө-үй жүрүшү шарт. Андыктан баарынан мурда каттоо картасы даяр болушу керек. Ага дейре канча кожолукту оңой-олтоң каттоого болорун жана эсепчилердин санын тактоого тийишпиз.

XS
SM
MD
LG