ЖАЛАЛАБАД. Жыйында маалымдалгандай облустагы 14 шайлоо округуна Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерликке 94 адамдан арыз түшкөн. 20-январга карата алардын элүүсү талапкерликке катталды. Талапкерлердин арасында алты аял бар, саясий партиялардын өкүлдөрү он эки, калганы кандидаттыкка өздөрүн өздөрү жылдырышкан. Депутаттыкка атаандашуу эң көбү №20 Аксы шайлоо округунда. Бул округга он эки, 18-Чаткал, Алабука шайлоо округуна тогуз, 24-Ноокен жана 25-Караүңкүр шайлоо округуна жетиден талапкер арыз тапшырган. Мурдагы эки экс элчи Майлуусуу жана Каракөл, Ташкөмүр шайлоо округдары жана ошол шаар сотторунун чечимдери менен мыйзамга ылайык талапкерликтен четтетилген.30-Жалалабад шайлоо округунан бир адам өз талапкерлигин алып салды.