Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Атуулдук форум өткөрүлөт


БИШКЕК. 5-февралда Бишкекте «Адилет шайлоо үчүн» деген аталыштагы атуулдук форум өткөрүлөт. Ага өлкөдөгү саясий партия, бейөкмөт уюмдардын, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Форумда Кыргызстанда 2005-жылы парламенттик, президенттик шайлоолорду канткенде адилеттүү өткөрүү тууралуу түрдүү пикирлер айтылат. Мындай иш чара «Адилет шайлоо өткөрүү үчүн» атуулдук тилектештиги бирикмесинин башкаруу кеңеши тарабынан уюштурулууда. Өткөн айдын соңунда «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы, “Улут ордо” тилектештиги,“Ата журт” коомдук-саясий кыймылы жана «Кыргызстан элдик кыймыл өкүлдөрү жыйын өткөрүшүп “Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн” атуулдук тилектештигине биригишкен.

XS
SM
MD
LG