Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөр» кенин сатууну токтотуу тууралуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрында «Кумтөр» кени тууралуу кабыл алган токтомун жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун 20-январдагы отурумунда кабыл алды.
2003-жылдын 31-декабрында кыргыз өкмөтү Канадалык «Камеко» компаниясы менен бирдикте «Центерра голд» аттуу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу токтом кабыл алган. Анын негизинде кыргыз өкмөтү «Кумтөр» кенин жаңыдан түзүлгөн «Центерра голд» фирмасынын 30% акциясына алмашкан. Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн мындай аркети кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз кадам экендигин белгилеп, келишимди токтотуу максатында буга чейин эки жолу токтом кабыл алган. Палатанын мындай токтомдору кыргыз өкмөтү тарабынан аткарылбай келет.

XS
SM
MD
LG