Коргоо министрлигинин кызматкери Болотбек Казакбаевдин жубайы Гүлнара Абдымомунова 4 баласы менен Ак үйдүн түндүк-чыгыш тарабына пикетке чыкты. Алар «Коргоо министри Эсен Топоев кызматтан кетсин», «Коргоо министрлиги коррупцияланышкан», «Үйбүлөбүздүн укугу тебеленүүдө» деген плакаттарды көтөрүп турушту.
Абдымомунованын айтымында, нааразылык акциясына чыгуу тууралуу алдын ала мыйзамдын чегинде тиешелүү министрликтерге, ведомостволорго атайын билдирип, 26-декабрдан бери 4 баласы менен пикетке чыгууда. Ал мындай нааразылык акциясына чыгуу себебин мындайча түшүндүрдү:
- Мен үй-бүлөм менен Коргоо министри Эсен Топоевге нааразылык билдиргеним - министр мырза аскер кызматкери, жолдошум Болотбек Казакбаевди басмырлап, бир топ убакыт кызмат, аскердик чин бербей, бизге тиешелүү кызматтык үй маселесин чечип бербегени себеп болду. Канча жылдан бери батирде жашап, жашоо-шартыбызды айтып арыздансак да эч бир майнап чыкпады. Бул жерде балдарым менен пикетте турганыма бир ай болуп баратат, менин арыз муңумду уккан бийлик өкүлдөрүнүн бири жок.
Гүлмира Абдымомунованын айтымында, жолдошу Болотбек Казакбаев 1982-жылы Украинанын Белая Церковь шаарында лейтенант чининде аскердик кызматын баштаган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп куралдуу күчтөрүнө ээ болгондо 1993-жылы Казакбаевге “майор” аскер наамы берилип, Ысыккөл аскер комиссариатында, кийинчерээк Бишкектеги Биринчи май райондук аскер комиссариатында жооптуу кызматкер болуп иштейт.
1994-жылы президенттин карамагында күзөт башкармалыгында кызмат өтөп, “подполковник” чинин алат. Ал жерден үлгүлүү кызматы үчүн 1996-жылы президенттик администрация Болотбек Казакбаевди Москвадагы М.В.Фрунзе атындагы аскер академиясынын чалгындоо факультетине окууга жөнөтөт.
Ал Москвада окууда жүргөндө президенттик күзөт бөлүмү аны Коргоо министрлигине которуп жиберишкен. 1999-жылы март айында аскер академиясын аяктап келип ошол учурдагы Коргоо министри Мырзакан Субановдун кабыл алуусунда болот. Субанов Казакбаевди аскерий кызматка алуусун ошол кездеги орун басары Эсен Топоевге табыштайт.
Гүлнара Абдымомунованын айтымында аскер академиясын бүтүп келген подполковник ар түрдүү шылтоолор менен алты ай убакыт жумушка алынбайт. Баткен коогалаңы башталганда Казакбаев Балыкчы гарнизонундагы тоодогу аткычтар бригадасынын штаб жетекчиси болуп дайындалат. Андан сырткары атайын түзүлгөн кошмо батальондун штабын жетектеп, Баткенди коргойт.
Ал ошол мезгилдеги айрым аскерий кызматчылардын жоопкерсиздигин, куралдуу күчтөрүндө орун алган терс көрүнүштөрдү сындап “Жунгли закону” гезитине интервью берет. Анын мындай ачык-айткан сын- пикири аскер жетекчилигине жакпай, куугунтукка алынып, жалган айып менен аскер соту тарабынан бир жылга эркинен ажыратылат.
Казакбаев 2000-жылдан тартып акыйкаттык издеп Жогорку Сотко кайрылат. Жогорку Сот аны колдогон чечим кабыл алат. Бул жылдар аралыгында моралдык, материалдык жактан жабыркаган Болотбек Казакбаевдин жубайы Гүлнара Абдымомунова жана анын 4 баласынын пикетке чыгып, коомчулуктун көңүлүн бурганы мыйзамдын чегинде үй-бүлөсүнүн өз укугун коргоого барган кадамы экенин билдирди.
Ал эми Коргоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Николай Ратушняк Болотбек Казакбаевдин үй-бүлөсүнүн пикетке чыгышы негизсиз деген пикирде:
- Коргоо министрлигинде ал үй алуу кезегине эч качан турган эмес. Качандыр бир кезде Биринчи май райондук администрациясына үй алуу кезегине турган экен. Бирок ал коргоо министрлигине карабайт. Ал эми Казакбаев биздин министрликте иштегенине 11 жылдан ашты. Бизде 25 жылдан бери иштеп, үйгө жетпеген кызматкерлер бар. Ошондой эле мыйзамдын чегинде ага полковник чинин берүүгө негиз жок. Эгерде биз туура эмес иш кылсак мыйзамдын, Кылмыш-жаза кодексине ылайык жооп беребиз. Бирок Коргоо министрлиги тарабынан алардын үй-бүлөсүнө эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок.