Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

ЖОРЖ БУШТУН ЭКИНЧИ КЫЗМАТ МӨӨНӨТҮ БАШТАЛУУДА


Жаңыл Жусупжан, Прага. Бүгүн кечинде (бейшембиде) АКШнын президенти Жорж Буш экинчи кызмат мөөнөтүнө расмий киришүүдө. Биринчи кызмат мөөнөтүндө Буштун Ирак согушун баштап, радикал исламчыларга кастарын тиккен саясат жүргүзүшү эл аралык коомчулуктагы карама-каршылыктарды күч алдырды. Алдыдагы төрт жылда Буштан эмне күтсө болот?

Жорж Буштун тышкы саясатынын негизги багыттары Ирак, Иран жана бүт дүйнөгө демократияны жайылтуу болуп саналат. Мамкатчынын кызматына келип жаткан Буштун улуттук коопсуздук кеңешчиси Кондализа Райс өткөн шейшембиде Сенатта администрациянын пландарын төмөкүдөй түкшүмөлдөдү:

- Aмерика жана эркин дүйнө кайрадан жек көрүүчүлүк менен тираниянын, террор менен айласы кеткендиктин идеологиясына каршы узак мезгилдүү күрөшкө киришти. Биз бул кыйынчылыктарды мурдагыдай эле даанышмандык жана кабелтең чечкиндүүлүк менен жеңе беришибиз керек.

Америкалык Энтерпрайс институтунда иштеген Жакынкы Чыгыш боюнча адис Ройел Герехт Буштун экинчи кызмат мөөнөтүндө Кондализа Райс белгилеген бул багыттар дагы күч алат деп эсептейт. Белгилүү нео-консерватор саналган Герехт Вашингтондун Иранда да демократиянын орношуна дилгир дейт. Бул үчүн, аналитиктин көз карашында, Буш Иранга алдын-ала сокку урушу да мүмкүн:

- Көрөсүз го, Буш администрациясында улам көп сандагы кишилер, аргасыздан алдын-ала сокку уруу тууралуу ойлоно башташат. Анткени дипломатиялык чаралардан, айрыкча Европанын аракеттеринен азырынча майнап болгон жок.

Бирок бардык эле консерваторлордун пикири бирдей эмес. Президент Рейгандын убагында Улуттук Коопсуздук Кеңешинде иштеген Реймонд Тантер Буштун администрациясында Иранда "режимди акырындык менен алмаштыруу" тактикасын колдогондор да бар экендигин белгиледи, бул үчүн АКШ ирандык оппозицияны куралдандырат дейт Тантер:

- Алар башында ирандык негизги оппозициячыл топ болгон Мужахедин-э-халкты Мамдепартаменттин чет элдик террористтик уюмдар тизмесинен алып салып, куралын кайтарып берет. Бул топ азыр Иракта эмеспи, (Вашингтон) ирандык оппозиция аркылуу Тегерандагы режимге кысым көрсөтө баштайт. Тегеран аргасыздан ядролук курал программасы жана эл аралык терроризмди колдоо маселелеринде ыкка келүүгө мажбур болот.

Арийне, Иракта жана терроризмге каршы согушунда демократияга жана адам укуктарына олуттуу шек келтирген Вашингтон демократияны канчалык алга сүрөй алат? Мындай суроого Вашингтондо жайгашкан укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Том Малиновскийдин пикири:

- Кошмо Штаттарынын учурдагы администрациясы айыпкерлерди кыйноого көз жуумп, Женева Конвенциясына жана башка маанилүү келишимдерге көлөкө түшүрдү. Мындан кийин АКШга башка өлкөлөрдү адам укуктарынын ошол эле стандарттарын сактоого кысым көрсөтүүгө кыйын болуп калды.

Кандай болгон күндө да Ирандын АКШнын Европа менен алакасына каскак болгону болгон. Израил-палестин калабасы да ушул эле маңыздагы маселе. Буш Европага келерки айда, экинчи кызмат мөөнөтүнүн биринчи сапарында келгени жатат.

Ирактагы согуш да келерки жылда Вашингтондун көңүл чордонунда кала бермекчи. Герехттин айтымында, үстүбүздөгү айдын соңундагы шайлоо Иракта шийиттерди бийликке алып келип, сунилерди жаңы режимге кошулууга мажбурлайт. Бирок аналитик кокус эле Америка Ирактан кол жууса, анын тышкы саясатына катуу сокку урулаарын эскертет.

XS
SM
MD
LG