Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

ЖОРЖ БУШ ПРЕЗИДЕНТТИК АНТ БЕРДИ


Кубат Оторбаев, Прага Өткөн жылдын 2-ноябрында Кошмо Штаттарында болгон шайлоону жеңип чыккан Жорж Буш 20-январда президенттик ант берди. Бул аземге айрым маалыматтар боюнча жарым миллиондой адам катышып, коопсуздукту алты миңдей полицей, аскерлер камсыз кылды. Ант берүү салтанаты нааразылык акциясы менен коштолду. Өз сөзүндө президент Жорж Буш Америка элинин коопсуздугу бүтүн дүйнөгө демократия тарап, эзилип жаткан элдер эркиндикке чыкканда гана толук камсыз болот деп билдирди.

Вашингтондо өткөн каадалуу азем учурунда Жорж Буш Библияга колун коюп туруп Америка Кошмо Штаттарынын 43-президенти катары ант берди:

- Мен, Жорж Уолкер Буш, Кошмо Штаттарынын президентинин милдеттерин ак ниеттик менен аткарууга, АКШнын Конституциясын сактоого жана коргоого баардык күч-аракетимди жумшайм деп салтанаттуу түрдө ант берем.

Мамлекет башчылык кызматка киришкен Буштун урматына деңиз аскер күчтөрүнүн оркестри “Жетекчини куттуктоо” ("Hail to the Chief") деген чыгарманы аткарды.

Жорж Буш кылкылдаган элге кайрылып, сөз сүйлөдү. “Кошмо Штаттарынын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн биз бүтүн дүйнөгө демократия орнотушубуз керек”, - деди ал толкунданган абалда:

Эркиндигибиздин туруктуулугу башка мамлекеттердеги эркиндиктин салтанат курушуна көп жагынан байланыштуу. Бүтүн дүйнө жүзүндө эркиндик жеңгенде гана жер бетинде тынчтыкка зор үмүт пайда болот.

Кошмо Штаттарынын мамлекет башчысынын айтымында эзүүгө жана кызыл камчы режимдерге эркиндиктин күчү гана туруштук бере алат. Ошол себептен Америка мындан ары да демократияны чет мамлекеттерге таратуунун аракетин кылмакчы. Буштун президенттик экинчи мөөнөтүнүн башкы милдети да ушул болуп эсептелет:

Кошмо Штаттарынын саясаты - дүйнөдө эзүүнүн тамырын биротоло кыркыш максатында баардык элдердин жана маданияттардын демократиялык кыймылдарын жана институттарын колдоо болуп эсептелет. Бирок биз ал үчүн адегенде эле куралдын күчүнө салбайбыз, ошентсе да керек учурда досторубузду коргош үчүн күч колдонууга барышыбыз ыктымал.

Ал башка авторитардык режимдер бийликте турган мамлекеттердеги укук коргоочуларды жана демократтарды Америка дайыма колдоп алат деп ишендирди:

– Репрессиянын кысымына алынып, түрмөгө салынып же куугунтукта баш калкалап жүргөн демократ реформаторлор, сиздерди Америка өзүңүздөрдүн келечекте эркин боло турган мамлекетиңердин лидери катары баалап, көрүп турат.

Президенттин пикиринде Кошмо Штаттары андай эзилип аткан элдер эркиндикке чыгып, демократия жеңгенден кийин ар бир өлкө өз жолу менен өнүгүп-өсүшүн колдойт жана Вашингтон эч убакта өз саясатын аларга таңуулабайт.

Буш 11-сентябрдагы каргашадан кийин президенттик кызматы учурунда айрым кемчиликтерге жол бергенин моюнга алды. Бирок ал америкалыктарды мындан ары жаркын келечек үчүн жан аябай иштөөгө даярмын деп ишендирүүгө аракет кылды.

Ант берүү салтанаты нааразычылык акция менен коштолду. Ирактагы согушка жана Буштун экономикалык саясатына каршы болгон жүздөгөн америкалыктар кеминде эле кырктай жерлерде пикет, митинг, жөө жүрүштөрдү уюштурушту. Бирок алар салтанат өтүп жаткан борбордук аянтка жакындатылган жок.

Бул бир эсе коопсуздук чараларынын өтө катуу сакталганынан улам болду. Террордук актылар болуп кетеби деген сактанычтан улам Капитолийге жакын жүздөй көчөлөр жабылды. Кабат-кабат үйлөрдүн башында снайперлер каршы-терши басып, үйрөтүлгөн иттер жадыруучу заттарды издеп, көмүскө-көрүнөө жерлерден эч нерсе калтырбай шимшилеп турушту. 6000дей полицей, аскерлер тикесинен тик туруп, эчнерсеге шырп алдырбай коопсуздукту сакташты. Бул иш-чараларга баш-аягы 17 миллиондон ашуун доллар жумшалганы айтылды. Нааразылык акциясына чыккандарды бири – Ирактагы согушка каршы пикирдеги эне болду:

– Мен бул жерге президентке ал укукка ээ эмес экенин, аскерлерди үйгө чакырып, тынчтыкта жашай турган күн келгенин далилдөө максатында келдим. Менин 18 жана 15 жаштагы эки кызым бар. Аларга биз бейкут жашоону камсыз кылышыбыз керек да, - деди өзүн Керри Бигс-Адамс деп тааныштырган айым.

Бирок Жорж Буштун ант берүү аземин өзүнүн жеке майрамы катары кабыл алган америкалыктар да көп болду. Айрым маалыматтар боюнча Капитолийдеги салтанатка жарым миллионго жакын адам күбө болду. Аземдин өзү болсо түн бир оокумга чейин уланды. 55 миңдей адам сый тамак ичип, көңүл көтөрүп, үйлөрүнө таркашты.

XS
SM
MD
LG