Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Пакистан менен Кыргызстан кош салык албайт


БИШКЕК. Азыр Кыргызстанда Пакистандын 175 чет өлкөлүк жана биргелешкен ишканасы бар. Алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө президент Аскар Акаевдин ушул жумада Пакистандагы расмий визити учурунда кол коюлган кош салыктан качуу жөнүндөгү макулдашуу жакшы өбөлгө түзөт. Андан тышкары визит маалында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда бажы тармагында кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Каржы министрлиги тараткан маалыматка караганда, макулдашуу товар ташуу боюнча оперативдүү маалыматтарды алмашып, көзөмөлдү күчөтүүгө жол ачат. Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандан Пакистанга экспорттолгон товардын көлөмү 850 миң долларды, ал эми импорттун көлөмү 1 миллион 757 миң долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG