Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Курман айт белгиленди


БИШКЕК. 21-январда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленди. Бишкектин эски өкмөт аянтында айт намазды эртең мененки саат сегизде кыргыз мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов окуп, ага 70 миңге чукул адам катышты. Андан тышкары айт намазга президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков баштаган бийлик өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери катышты. Айт намаз маалында сөз сүйлөгөн Болот Жанузаков жалпы өлкө мусулмандарын Курман айт майрамы менен куттуктап, майрамдын маани-маңызы Кыргызстандын калкынын ынтымагын бекемдейт деп ишенээрин билдирди. АКШнын элчиси Стивен Янг кыргыз мусулмандарын Америкадагы мусулмандардын атынан кыргыз тилинде куттуктады.
Ошондой эле айт намаздар Ош, Жалалабад, Каракол, Талас, Нарын шаарларында миңдеген атуулдардын катышуусунда өттү.

XS
SM
MD
LG