Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

БАЛА-ЧАКА, ТУУГАН-ТУУШКАНДАР, ПАРЛАМЕНТКЕ!..


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаевдин жана мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын бала-чакасы жана туугандары парламентке атсалышып атканы шайлоонун адилет өтүшүнө жолтоо болот дешет айрым байкоочулар. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бул фактор шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир этпестигин билдирип жатат.

Мамлекет башчысынын балдары Бермет менен Айдар парламент депутаттыгына талапкер катары каттоодон өтүштү.

Ошондой эле премьер-министрдин уулу Алексей Танаев, президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымовдун баласы Нурдин Касымов менен күйөө баласы Тайырбек Сарпашев дагы парламентке атсалышууга уруксат алды.

Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын бала- чакасынын талапкер катары каттоодон өтүшү, ошондой эле Майрам Акаеванын бир тууган эки сиңдиси да атсалышат деген маалыматтан улам коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев өнүккөн өлкөлөрдө деле атасы президент, ал эми баласы депутат болгон мисалдар бар, ал эми бул фактор шайлоонун адилет болушуна терс таасирин тийгизбейт деп билдирди:

- Чет мамлекеттердин көбүндө эле (андай мисалдар) бар. Атасы президент болсо баласы губернатор же парламентте депутат. Бул нерсе мыйзам ченемдүү нерсе. Курманбек Бакиевдин деле инилери шайлоого катышып атат. Парламенттик шайлоого президенттин тууганы же өкмөт башчынын баласы катышпасын деген өңдүү чектөөлөр болбошу керек. Шайлоого катышуу ар бир адамдын укугу.

Айрым байкоочулар кыргыз бийлик өкүлдөрү талапкерлерди каттоо өтүп жаткан кезден тартып эле балдарынын «жолун тазалап» берүүнү башташкан дешет. Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев теңсиздик даана көрүнүп атат деген ойдо:

- Бермет Акаева коюп аткан Университет округунан Роза Отунбаеваны каттабай коюшпадыбы! Булар мындан ары деле административдик ресурстарды пайдаланышат. Шайлоонун жүрүшүндө деле бала-чакасын, туугандарын өткөрүүгө аракеттер болот го деп ойлойм, - дейт Бөкөнбаев мырза.

Президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымовдун күйөө баласы Тайырбек Сарпашев Токтогул шайлоо чөлкөмүнөн талапкер болуп катталды. Ал азыркы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

Тайырбек Сарпашев кайнатасына таянбастыгын, анын бул жеке факторун атаандаштары атайын ага каршы пайдаланып жатат деп билдирди:

- Менин тууганчылдык мамилелеримден эмес, беш жылдык эмгегимден улам эл мага ишеним артып атат деп ойлойм. Мен оппозициячыл саясатчылар менен да иштеп, жакшы мамиледемин. Мен кимдин күйөө баласы экенимди оппозиция эмес, шайлоодогу атаандаштарым мага каршы пайдаланып жатышат. Мен буга көңүл бурбайм, менин эмгегимди шайлоочуларым билет.

Оппозициячыл маанайдагы саясатчылар жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктердин минтип үй-бүлөсүн парламентке камдаганынын артында чоң саясий максаттар жатышы ыктымал деп боолголошот.

Айрым саясатчылар эмки парламентке жалаң ишеничтүү адамдарын топтогондон кийин бийликти сактап калуу аракеттери башталат деген ойдо.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Үсөн Сыдыков азыркы бийликтин ишенимдүү адамдары өтө азайган, андыктан үй-бүлөлүк факторго таянууга өттү деген ойдо. Сыдыков мырзанын пикиринде, бийликтегилер аргасы түгөнгөндө балдарын пайдаланып, бийликти сактап калуу аракетин көрүп жатышат.

Ал эми саясий ишмердиктен жана бийликтен алыс карапайым калк буга кандай карайт? Бул боюнча Бишкектин айрым тургундарынын пикири. Жылдыз Осмонованын пикиринде, байлыгы бар, бирок билими жоктор деле депутат болуп аткан заманда чиновниктердин балдары чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп, бир канча тилде сүйлөп, жаңыча нукта ойлоно билгендигинен улам парламенттен орун алууга алар татыктуу.

Бишкектик карыя Аман Илиязов мамлекеттик кызматкерлердин балдары жарышып парламентке бет алганы уят иш дейт:

- Аскар Акаевдин эки баласы тең, Танаевдин баласы, дагы бирөөлөрдүкү дейт. Уят эмеспи! Туура, билимдүү балдар. Бирок алардан кыйын, алардан билимдүү балдар жөн эле жүрөт го. Менин да балдарым бар. Оңой балдар эмес. Алар бирдеме кылам десе сөзсүз сурайм. «Аа-ай, балам, ушуга күчүң жетеби, жүгүн көтөрө аласыңбы, балким азыркы акыбалыңа эле тобо дегениң оң» деп айтам. Бири эле эмес, бириники да эмес, көбү аттанганы уят эле иш болуп атат.

Сүрөттө: Айрым талдоочулар №1 Университет шайлоо округунан Роза Отунбаеванын талапкерликке катталбай жатышына "үй-бүлөлүк" фактор чоң рол ойноду деп эсептешет (Элчилерди колдоо боюнча Бишкекте өтүп жаткан пикеттен бир көрүнүш). Фото архивден.

XS
SM
MD
LG