Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

В.ЛЕНИНДИН СӨӨГҮ ДАГЫ 100 ЖЫЛ МАВЗОЛЕЙДЕ САКТАЛЫШЫ МҮМКҮН.


Төрөкул Дооров, Москва. 21 - январь күнү Владимир Лениндин өлгөнүнө 81 жыл толду. Коом пикирин изилдеген бир катар уюмдардын маалыматында, акыркы кездери Лениндин образы кайрадан калк арасында популярдуу боло баштаган. Ошол эле учурда, айрым аналитиктер буга карама-каршы ойлорун айтышат. Канткен менен, быйыл Лениндин өлгөн күнүнүн эртеси, 22-январь, 1905-жылдагы «кандуу жекшембинин» күнүнө туш келди. Болгондо да Орусиядагы биринчи төңкөрүшкө толугу менен 100 жыл толуптур.

Владимир Лениндин өлгөн күнү быйыл жума күнгө туш келди. Бул күнү 81 жылдан бери Москвадагы «Кызыл аянтка» орнотулган мавзолей, же күмбөздө жаткан «дүйнө пролетариатынын жол башчысынын» сөөгү көптөн бери көтөрүлүп келген теманы кайрадан козгогондой болду.

«Лениндин сөөгүн тезинен жерге көмүш керек!» деп чыгышты жергиликтүү динаятчылар.

- Православиянын өкүлдөрү үчүн Лениндин сөөгү туура эмес сакталып жатканы дайын эле. Аны ачык жерде кармап, туристтик байлык катарында сактоо биздин динибиздин асыл-нарктарына каршы келет, - деди динаятчы Всеволод Чаплин.

Мына ушундай эле оюн Орусия мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлү Мухаммедгали Хузин да билдирди.

Анткен менен Биомедициналык технологиялар борборунун өкүлү Юрий Денисов-Никольский «Лениндин сөөгү жакшы сакталып тургандыгын жана эгерде ушундай деңгээлде тура берсе, аны дагы 100 жыл мавзолейде сактаса боло тургандыгын» айтты.

Биз бул ойго карата москвалыктардын пикирин билүүгө аракет кылдык. Сурамжылоо көрсөткөндөй, азыр Лениндин айланасындагы окуялар эле эмес, анын туулган күнү тууралуу маалымат да көптөрдү ойлонтурбайт экен.

- Бул тууралуу эч ким ойлобойт. Баарынын көңүлүндө азыр өлкөдө төңкөрүш болуп кетпейт бекен деген эле ой, - дейт көчөдөн жолугуп калган Орусиянын эл артисти Аркадий Севидов.

Белгилүү болгондой, мындан 100 жыл мурда Орусияда «кандуу жекшемби» болгон. Аны орус жергесиндеги биринчи төңкөрүш деп аташат. Аркадий Севидовдун айтымында, бүгүнкү кырдаал да ошого жакындап бараткансыйт. Өлкөнүн бир катар региондорунда пенсионерлердин нааразылык акциялары өтүп жатат. Мунун баары социалдык жеңилдиктерди акча менен алмаштыруу реформасы менен байланыштуу.

Бирок бул айымдын айтымында, бүгүн Орусияда мындан 100 жыл мурда жүз көргөн окуялар кайталанышы мүмкүн эмес.

- Орусияда бүгүн төңкөрүш болушу мүмкүн эмес. Ал үчүн төңкөрүшчүлөр керек, бизде алар азыр жок.

Москвадагы дарыкалардын биринде жолуккан бул кемпир Ленинди мактады.

- Лениндин сөөгүн мавзолейде калтырган эле оң, анткени ал эч кимге деле тоскоол болбойт.

Жума күнү, Ленин өлгөн күнү, «Кызыл аянттагы» мавзолейдин жанына Орусиялык коммунистик партиянын 800дөй өкүлү чогулду. Алар күмбөзгө гүл коюп, «Ленин жөнөкөй адамдын укугу үчүн күрөшкөндүгүн, ал эми азыркы өкмөт ошол жөнөкөй адамдын укугун тебелеп жатканын» айтышты.

Анткен менен Лениндин ишмердүүлүгү коом ичинде дале карама-каршы ой-пикирлерди жаратып келет.

XS
SM
MD
LG