Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Палестинанын аскерий тобу Израил менен келишим түзүүгө даяр


Палестинадагы "Ал-Аксанын азапкерлер бригадасы" деп аталган уюм бүгүн атайын билдирүү жасап, ок атышууну токтотуу боюнча Израил менен келишим түзүүгө ал даяр экенин жарыялады. Уюмдун басма сөз катчысы бүгүн Газа шаарында маалымат жыйынын өткөрүп, эгер Израил өзүнүн аскерий чабуулдарын токтотсо, "ал-Аксанын" жоокерлери дагы курал таштоого даяр деп билдирди. 9-январда Палестина автономиясынын төрагасы болуп шайланган Махмуд Аббас куралдуу топтор менен акыркы күндөрдө бир нече сүйлөшүү өткөргөн. Жаңы бийлик автономия аймагында аскерий күзөт да жүргүзө баштады.

XS
SM
MD
LG