Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Атуулдук коом форумга даярданууда


БИШКЕК. 5-февралда атуулдук тилектештик бирикмеси «Адилет шайлоо үчүн» аттуу форумду Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өткөрөт. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, форумда шайлоону таза жана адилет өткөрүү маселеси талкууланат. Ал нааразылык билдирүү максатын көздөбөйт. Бирок ага карабай бийликтин кинотеатрды бериши күмөн, деди Эдил Байсалов.

Кыргызстандагы белгилүү коомдук жана саясий уюмдар өткөн жылы «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук тилектештик бирикмеси түзүлгөнүн билдиришкен. Аны түзүү тууралуу декларацияга 25 кыймыл, анын ичинде курамында 170 өкмөттүк эмес уюм бар «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы, 110 уюмду камтыган «Улут ордо» кут кыймылы, Кыргызстан элдик кыймылы жана «Атажурт» коомдук-саясий кыймылы бар .

XS
SM
MD
LG