Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Виктор Ющенко эми Украинанын президенти катары ишке киришти


Бүгүн Украинанын парламентинде өткөн салтанатта Виктор Ющенко “Инжилге” жана Конституцияга колун коюп туруп, өлкөнүн жаңы президенти катары ант берди. Ал салтанатта сүйлөгөн сөзүндө шайлоонун натыйжасын жалпы улуттун жеңиши деп атады:

–Бүгүнкү окуя Украина бирдиктүү улут жана мамлекет катары жашай берээрин кайра тастыктады. Украинанын эли адилет шайлоого жетишти. Бийлик алмашуу мыйзамдуу өттү. Бул улуттун үлкөн жеңиши болду.

Салатанатка көптөгөн коноктор, алардын ичинде жети өлкөнүн президенти катышты. АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл салтанат алдында Ющенко менен бир саамга кездешип, АКШ өкмөтү жана өз элинин атынан колдоо айтты.

Москвадагы Украинанын элчилиги алдында Виктор Ющенконун ант берүүсүнө нааразы болгон 80дей адам чогулду.
Акцияны Элдик-демократтык партиянын лидери Владимир Жириновский уюштурганын, анын катышуучулары президенттик кайра шайлоодо жеңилип калган россиячыл талапкер Виктор Януковичти колдоп чыгышканын “Эхо Москва” радиосу кабарлады.

XS
SM
MD
LG