Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

25-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 25-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап, туман түшөт. Түндүк-батыш тараптан муздак жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн -7... -12 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу
Ал эми тоолуу НАРЫН өрөөнүндө абанын түнкү температурасы -22...-27 градуска күндүз -9дан...-14 градуска чейин төмөндөп, суук болот.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен туман түшүп, кыламык кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градуска ал эми күндүз 0...-2 градуска чейин суук болот.

Кабарлар топтомун даярдагандар Бакыт Аманбаев , Азиза Турдуева жана областтык кабарчылар.

XS
SM
MD
LG