Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Мыйзам чыгаруу жыйыны өз ишин утурумдук токтотту


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттарынын арасынан 50 депутат келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары катышат. Буга байланыштуу аталган палата өз ишин утурумдук токтотту. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын 24-январдагы отурумунда маалымдалды. Баш мыйзамдын 55-беренесине ылайык Мыйзам чыгаруу жыйыны өз ишин жаңы шайланган Жогорку Кеңештин биринчи отурумуна чейин уланат. Ошондой эле Баш мыйзамдын 62-беренесине ылайык өлкөгө зарыл болгон учурда Жогорку Кеңеш чукул жыйналып, өз жыйынын өткөрүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG