Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АК ҮЙДҮН «АК ТИЗМЕСИ» , ЧӨГҮП БАРАТКАН “ ТИТАНИК” , БАТЫШ ШАЙЛОО САБАКТАРЫ, ЭКИНЧИ СОРТТОГУ ЭЛЧИЛЕР

Кабыл Макеш, Бишкек. 25- январдагы “ Аалам” басылмасы журналист Дыйканбек Садык уулунун Грузия жана Украина шайлоосун талдоого алган макаласына орун берди. “Агым” гезити бийлик 27- февралда өтчү Жогорку Кеңеш шайлоосунда кимдерди ачык же кыйыр колдой тургандыгын билдирген Ак үйдүн “ак тизмесин” жарыялады. “ Вечерний Бишкек” басылмасы курман айт күнү №1 Университет аймактык шайлоо комиссиясы Бермет Акаевага Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер деген күбөлүк тапшырылганы тууралуу маалымдады

25-январдагы “ Агым” гезитинде кабарчы Эркин Пиримовдун “Чөгүп бараткан “Титаник”, “келемиштер”, оппозиция бирдиктүү күчкө айланабы?” деген макаласы жарык көрдү. Бул макалада “президент убагынан эрте дүрбөлөңгө түшүп, өзүн негизи жок эле чөгүп бараткан “Тинаниктин” капитанына салыштырды” деп айтылат. “А чынында анын команадасынын, жакындарынын дегеле тизгинди башкаларга берели деген ойлору жок. Бийликти өз ыктыяры, мыйзам жолу менен өткөрүп берүүнүн ордуна ал жөнүндө ооз ачкандардын баарын эл думашманына айлантып, бүткүл административдик ресурстарын, идеологиялык каражаттарын аларга каршы мобилизациялашты“ деп жазат Эркин Пиримов.
Журналист Алым Токтомушевдин “ Мээ” деген макаласында “Бир мамлекет башчысы башка мамлекет башчыларын кесиктей кууп, ар кадам сайын жарыя ашаткан окуя Кыргызстан бийлигинен башкалардын башына кирген жок. Аскар Акаев Грузия президенти Михаил Саакашвили менен Украина президенти Виктор Ющенкону бул жолу Токмоктон токмоктоп баштап, Оштон таптакыр эле “огунан” чыгып кетти” дейт автор.
Аскар Акаев калктын башын тумандатканга уста экенин, ар жылга идеологиялык каргы тагаарын, бирок анын кайтарымы жоктугун, Украинанын соту, прокуратурасы далилдей албаган, Интерпол ачык айтпаган Виктор Ющенконун кылмышын далилдеп салганын Алым Токтомушев “Агым” гезитинде талдоого алган.
Ошондой эле “Агым” гезити 27- февралда өтчү парламенттик шайлоодо бийлик кимдерди ачык же кыйыр колдой тургандыгын билдирген “жашыруун” тизмени жарыялады. Анда Ак үй колдойт деген 65 талапкердин ысымы тизмектелген. Алардын катарында Бермет Акаева, Кубат Байболов, Болотбек Бегалиев, Алексей Танаев, Тайырбек Сарпашев, Аскар Салымбеков, Турдакун Усубалиев, Муратбек Малабаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Аязгүл Саркишева, Айдар Акаев, Каныбек Иманалиев, Ташкул Керексизов ,Үкөн Исаева жана башкалар бар.
“Ак үйдүн “ак тизмесине” түшкөндөр сөзсүз жеңет дегенге да, булардын бардыгы эле бийликтин кареги менен тең айланчулар экен деп бүтүм чыгарууга да шашылбайлы” деп жазат кабарчы Максат Калыков.

25-январдагы “Аалам” гезитинде журналист Капар Токтошовдун “Теңирден тийген ак калпак” деген макаласы жарыяланды. Мында кыргыздын ак калпагынын тарыхы, касиети, ар бир белгиси эмнени билдирип, кандай мааниге ээ экендиги, кылымдар боюу сакталып калуусунун таржымалы тууралуу кеп болот. Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу редактору Капар Токтошов мындайча айтып берди.

- Журналист Дыйканбек Садыковдун “Кечээки шайлоонун кесепети, эртеңки шайлоонун шарапаты” деген макаласында Грузия менен Украина шайлоосуна анализ берилип, анын сабактары Кыргызстанга эмне берип жаткандыгы тууралуу кеп болот. Өлкөдө шайлоо кайсыл багыт менен өнүгүп баратат, эртеңкиси кандай болот деген суроолорго жооп издейт. Өкмөттүк партиялардын парламенттик шайлоого талапкерлерди көп коюп, шайлоого алар шымаланып киришкенин, эгерде алар 50 пайыздан жогору орунга ээ болушса, кандай парламент болоорун, жыйынтыгы кандай таасир калтыраарын талдоого алган.

25- январда жарык көргөн “Дил ордосу” жумалыгында экс- элчилердин бир Медеткан Шеримкулов менен кабарчы Токтайым Жанботоева маектешкен. “Эгерде биздин элге баркыбыз жок болсо, анда эч ким биздин укукту коргоо үчүн пикетке чыкмак эмес. Депутаттар кабыл алган чечимге президент кол койбосо, анда мурдакы элчилердин шайлоого катышпай калуусуна өлкө жетекчиси өзү күнөөлүү болот” деп айтуу менен Медеткан Шеримкулов, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерине экинчи сорттогу элчилердей мамиле кылынаарын, өз мамлекетинде укугу корголобой жаткандыгын айткан.

24- январдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Бермет Маликова президент Аскар Акаевдин Москвага иш сапары, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин 250 жылдык мааракесине катышаары тууралуу баяндады. Ушул басылманын кабарчысы Любовь Борисенко курман айт күнү №1 Университет аймактык шайлоо комиссиясы Бермет Акаевага Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер деген күбөлүк тапшырылганы тууралуу маалымдады.

XS
SM
MD
LG