Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

КЫРГЫЗСТАН: ОСВЕНЦИМ ТРАГЕДИЯСЫНА КӨЗ КАРАШ


Мээрим Султангазы, Бишкек. 27-январь тарыхка Освенцим концлагерин бошотуу күнү деп кирди. Бул күндү Европадагы жана дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер Холокосттун курмандыктарын эскерүүнүн улуттук күнү катары белгилешет. Фашисттик Германиянын жөөттөрдү тукум курут кылуу саясаты жөнүндө мурдагы Советтер Союзунун тушунда атайын окутулган эмес, ал тарыхтын эң трагедиялуу барагы катары коомчулукка да кеңири айтылбаган. Ал эми азыркы эгемен кыргызстандыктардын бул тарыхый окуя тууралуу маалыматы барбы?

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда германдык фашисттер жөөттөрдү куугунтукка алып, концлагерде кыйнап, ар кандай эксперименттерди жүргүзгөн. Бул алааматтын жүрүшүндө концлагерлерде 6 миллиондой жөөт жазыксыз жерден тукум курутка учураган.

Польшанын аймагында жөөттөрдү массалык түрдө кырууга багытталган концлагерлер 1941-жылдан баштап курула баштаган. Кийин алар Освенцим, Белцек, Люблин-Майданек, Собибор жана Треблинка деп аталышта белгилүү болгон.

27-январь - Освенцим концлагерин бошотуу күнү катары белгиленип калганы менен, мурдагы Советтик Кыргызстанда бул тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе эле. Холокост тууралуу маалымат эч бир окуу китептеринде чагылдырылган эмес.

Ал эми билим берүү академиясынын гуманитардык жана социалдык илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Мурат Иманкулов бул маселеге Кыргызстан эгемендик алгандан кийин гана кайрылуу мүмкүндүгүнө ээ болгонун айтты:

- Бизде азыр мурункудай «муну окут, муну окутпа» деген цензура жок болуп калбадыбы. Азыр бул маселени окуу китептер чагылдырат, бирок атайын тема эмес, бөлүкчө катары кирет. Мурда, токсонунчу жылдары мындай маселелер аныкталган эмес, эми бүгүнкү күндүн талабына ылайык ачык берилип жатат. Холокост тууралуу тогузунчу жана он биринчи класстардын «Дүйнө тарыхы» китебинде чагылдырылган.

Кыргыз-түрк балдар лицейинин тарых боюнча мугалими Асылбек Дөөталиев окуу китептерде Холокост жөнүндө маалымат өтө аз экенин айтты:

- Бизде жаңы тарых боюнча холокост тууралуу маалымат кыскача берилген. Холокост деген термин грек тилинен алынган. Холокост – бул "курмандыкка чалуу" деп түшүнөм. Холокост тууралуу совет мезгили учурунда көп айтылган эмес. Мына эми бүгүнкү күндө окуучулар холокост тууралуу тогузунчу жана он биринчи класстардын тарых боюнча окуу китептеринен окуп жатышат.

Шаардагы айрым орто мектептердин окуучулары арасында бул маселе тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, Холокост жөнүндө эч кандай маалымат билбестигин айтышты.

Жөөттөрдүн маданий борборунун билим боюнча координатору Александр Марголис мындай каргашалуу тарыхтын кара тагын окуучулар билиш керек деген пикирин айтты:

- Биздин оюбузча, экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшү, анын кандуу күндөрү, сабактары тууралуу кеңири айтышыбыз керек. Анткени, келечекте ушул сыяктуу окуялардан алыс болуш үчүн билим гана жардам берет.

XS
SM
MD
LG