Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

HUMAN RIGHTS WATCH: ИРАКТЫН ТҮРМӨЛӨРҮНДӨ КЫЙНОО – КАДИМКИ КӨРҮНҮШ


Кубат Оторбаев, Прага Адам укуктарын коргоочу Human Rights Watch уюму Ирактын коопсуздук күчтөрү түрмөдөгүлөрдү дайыма кыйноого алаарын жарыялады. Уюмдун 25-январда жарык көргөн докладында Ирактын убактылуу өкмөтүнүн күчтөрү абакта жаткандарды эстен танганча сабап, электр тогуна кактап, тамак-аш, суу бербей кыйнай тургандыгы айтылган. Human Rights Watch Саддам Хусейн кулатылгандан кийин бийликке келген убактылуу өкмөт адам укуктары маселесинде Ирактын мурдагы диктаторунан анча алыс узабаганына тынчсызданат.

Саддам Хусейн кулатылган 2003-жылдан бери Human Rights Watch Ирактын түрмөлөрүндө камалып жаткан 90 адам менен аңгемелешүү өткөргөн. Алардын жетимиш экиси убактылуу өкмөттүн коопсуздук күчтөрүнөн таяк жеп, ыдык көрүп, ызага катуу батканын айтышкан.

Сара Уитсон - Human Rights Watchтун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрү боюнча аткаруучу директору. Ал убактылуу өкмөтүнүн тушунда да кыйноо Ирактын түрмөлөрүндөгү кадимки көрүнүш бойдон калып жатканына тынчсызданып, камактагыларга кыйноонун оор түрлөрү колдонулаарын билдирди:

- Алар “бизди шыпка асып тутуп, темир зым же жыгач таяк менен эстен танганча сабашат” деп арызданышты. Алардын айтымында абактагылардын жыныстык мүчөлөрүнө жана колу-буттарына электр зымын ороп туруп, анан электр тогун кое беришет экен. Ошондой эле түрмөдө жаткандар тамак-ашка, сууга жетпей азап чегишет, ачкалыктан өлүп калбаш үчүн полиция кызматкерлеринен аны акчага сатып алышаарын айтып даттанышты.

Сара Уитсондун айтымында абакта жаткандар айлап-жылдап үй-бүлө, ага-туугандары менен жолуга албайт. Алардын адвокатка жолугуп, өзүн коргоого да укугу жок болуп калган. Түрмөдөгүлөрдүн көпчүлүгү эч бир күнөөсү жок эле жата беришет. Бир топ адам Human Rights Watch иликтөө өткөргөндөн кийин эркиндикке чыгышкан.

Соңку мезгилде Ирактын убактылуу өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрү козголоңчулардын кол салууларынан жапа чегип, өлкөдө тартипти орнотууда көп кыйынчылык тартып жатканы белгилүү. Бирок Human Rights Watchтун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрү боюнча аткаруучу директору Сара Уитсондун пикиринде ал окуялар Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн абактагыларга жасаган айбанчылык мамилесин эч убакта актап-жактай албайт:

Эларалык жана Ирактын ички мыйзамдары да кыйноого эч убакта уруксат бербейт жана эч убакта аны актай да албайт. Абактагылар силердин кол алдыңарда камалып жатканда, алар ошонусу менен силерге эч кандай коркунуч келтирбей турган убакта аларды кыйноо эч нерсе менен акталбайт. Бул проблема өлкөдө лидердин жоктугуна байланыштуу. “Кыйноо ыкмасы менен абактагыларды кармоого болбойт, андай чектен тыш окуялар иликтенип-изилденет, андайга баргандар сөзсүз жазасын алат” деп Ирактын өкмөтүндө так кесе айткан лидердин жокутугунан улам болуп жатат мындай көрүнүштөр.

Human Rights Watchтун докладына Иракта биринчи болуп Адам укуктарын коргоо министри Бахтияр Амин көңүл бурду жана ал чындыгында эле андай кейиштүү окуялар бар экендигин тастыктады. Анын айтымында Саддам Хусейндин тушунда камактагыларды киши ордуна көрбөй калган кызматкерлерди тарбиялап, мыйзамга чакырууга көп убакыт кетет шекилдүү:

– Биз түрмөдөгү андай окуяларга баш прокурордун, соттук кеңештин, ички иштер министринин жана юстиция министринин көңүлүн бурууга аракет кылдык. Биз алардан кимде-ким мыйзамды бузуп, андайга бара турган болсо аларды жазалап, абалды оңдоо керек деген сунуш киргизгенбиз.

Улуу Британиянын тышкы иштер министрлиги Human Rights Watchтун докладын колдоого алды жана анда айталган фактыларды кылдат иликтеп, таанышып чыга турганын билдирди. Улуу Британиянын Ирактагы элчиси Эдвард Чаплин абактагылардын турмуш-жагдайы тууралуу маселени жакынкы арада убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен талкууга ала турганын айтты.

Human Rights Watch болсо Ирактын бул өкмөтү адам укуктарын урматтабай, мурдагы убадаларына турбай жатканын билдирди. Уюм жагдайды жакшыртыш үчүн жергиликтүү полция кызматкерлерин окутуп-үйрөтүү учурунда алар баарыдан мурда адам укуктарын туу тутуп, мыйзамдын чегинде гана иштөөгө көндүрүү милдети турат деп эсептейт.

Докладда Кошмо Штаттарынын жана коалицияга кирген башка мамлекеттин аскер күчтөрү түрмөдөгүлөргө кандай мамиле жасайт деген маселе камтылган эмес. Ошентсе да Human Rights Watchтун бул иши жакшы резонанс жаратты. Анткени Ирактын Абу Грейб түрмөсүндө абактагыларды мазактап, кыйнаганы үчүн ушул айдын башында сотто америкалык аскер кызматкери Чарльз Грэйнерге күнөө коюлган. Андан тышкары ушул тапта Улуу Британиянын жана Даниянын аскерлеринин Ирактагы мыйзамсыз аракеттери да иликтөөгө алынып жатат.

XS
SM
MD
LG