Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Токойлор элдин карамагына өтөт


БИШКЕК. Кыргызстандын токой фондусуна таандык жайыт,чөп чабуучу аймактар жана айдоо жерлер мындан ары ошол аймакка жакын жашаган тургундарга ижарага берилет. Ага негиз берген токтомго өкмөт башчы кол койду.Ага ылайык токойго жакын жашаган калкка жаңгак, алма жана мөмө берүүчү башка дарактардын жемишин жыйноо укугу берилип, токойлордогу өсүмдүктөр менен жаныбарларды сактоо боюнча калк арасында ыктыярдуу топтор түзүлөт. Өкмөт мындай токтомду токойлуу жерде жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максаты менен 2005-2015-жылдарда ишке ашыруу белгиленген улуттук токой программасынын алкагында кабыл алды.

XS
SM
MD
LG