Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Белги коюучу жабдуу бар


БИШКЕК.25-январда Даниядан Кыргызстанга добуш берүү маалында шайлоочунун сол колунун баш бармагына белги коюучу жабдуу алынып келди. Мындай маалымат Эл аралык шайлоо системасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынды. Маалыматка караганда, белгини көрсөтө турган төрт жарым миң чырак,көзгө көрүнгүс боек куюлган 11 жарым миң идиш алынып келинди жана ал парламенттик шайлоодо белги коюуга жетет. Эгер ага муктаждык болуп калса дагы ташып келишет.Эл аралык шайлоо системасынын өкүлчүлүгү белги коюучу жабдууну пайдаланууну үйрөткөн кыргыз,орус жана өзбек тилдериндеги көрсөтмө курал чыгарды. Андан тышкары шайлоого чейин участкалык комиссиялардын 27 миң мүчөсүн атайын окуудан өткөргөн жатат.

XS
SM
MD
LG