Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

ОСКАРГА ТАЛАПКЕРЛЕР КӨРСӨТҮЛДҮ


Жаңыл Жусупжан, Прага. Ушул шейшембиде Оскар сыйлыктарына көрсөтүлгөн тасмалардын жана режисер, актерлордун ысымдары белгилүү болду. Голливудду чанган актер Хаувард Хафстын турмушун чагылдырган "Авиатор" тасмасы эң мыкты фильм категориясында эң көп добуш алды. Мыктылардын мыктылары арасында Леонардо ДиКаприо, Кейт Бланше, Алан Алда жана Мартин Скорсесе да бар.

Оскар сыйлыгына талапкерлерди көрсөтүү Голивуддун очогу болгон Беверли Хиллс шаарында шаңдуу маанайда өттү.
"Авиатор" тасмасы калыстардын 11 добушун алса, боксерлордун турмушун сүрөттөгөн "Миллион доллардык бөбөк жана драматург Барри тууралуу "Жок жерди таап бер" тасмасы ар бири жети добуштан алып, көч башына чыгышты. Эң мыкты фильм жана эң мыкты актерлердун катарында Клинт Иствуд, Морган Фриман, Хиллари Суонк жана Жонни Деп бар болуп чыкты. Иствуд ошондой эле "Миллион доллардык бөбөк" фильми үчүн эң мыкты режисер наамына көрсөтүлдү. Иствуд менен катар Жейми Фокс "Нур" тасмасындагы башкы ролу үчүн эң мыкты актердукка көрсөтүлдү.

Актер жана учкуч Хафсты ойногон ДиКаприо да эң мыкты актерлордун сабына кирди. Эң мыкты актриса категориясында 1999-жылы "Эркек бала ыйлабайт" деген фильмдеги башкы ролу үчүн Оскар алган Хилары Суонк бул ирет "Миллион доллардык бөбөк" фильминде өжөр боскерду аткарганы үчүн тандалып алынды. Ал эми мындан 6 жыл мурда "Америкалык сулуулук" фильминдеги ролу үчүн Суонк менен атаандашып, бирок утулуп калган Анет Бенинг азыр "Жулиянын турмушу" деген фильмдеги ролунан улам кайрадан Суонк менен бир категорияга туш келди. Айтмакчы эки актриса тең жакында Алтын Глобус сыйлыгын алышкан.

Эң мыкты актрисага көрсөтүлгөндөрдүн арасында ошондой эле "Суйкайган Марияда" героин ташыган колумбиялык аялды ойногон Каталина Сандино, "Вера Дрейкте" 1950-жылдардагы Британияда үйүн кыл түшүрбөй таза кармап, карган энесин багып, балдары жана күйөөсү менен бакыбат турмушта жашаган, бирок кысталышта калган кыздарды бойунан түшүртүп жүргөн аялды ойногон Имелда Стонтон жана "Сүттөй таза мээнин түбөлүктүү нуру" фильминде ашык болгон жигитин такыр эстей албаган кызды ойногон Кейт Уинслет да бар.

Бүгүнкү замандын эң мыкты режисеру саналган, бирок бир да жолу Оскар албаган Марк Скорсесеге "Авиатор" фильми аркылуу акыры Американын эң башкы филм сыйлыгын алышына жол ачылууда, Иствуддун "Миллион доллардык бөбөгү" эле жолун торобосо.

Мулфтипликациялык фильмдерден жомок-комедиясы "Шрек 2" жана "Шумпайлар" деген суперкаармандын окуясы тандалды. Чет элдик мыкты фильмдердин арасында Швециянын "Бейиштегидей", Франциянын "Хор", Германиянын "Кулоо", Испаниянын "Ичтеги деңиз" жана Түштүк Африканын "Кечээ" деген тасмалары бар.

Аталган категориялардагы талапкерлердин көпчүлүгүн АКШнын Фильм, Исскуство жана Илимдер академиясынын атайын бөлүмдөрүндө режисер, актер, сценарист, жазуучулар электен өткөрүштү. 27-февралда боло турган Оскар салтанатына бул иргелгендердин эң мыктысын 6 миңге чукул академия мүчөлөрү тандашмакчы. Шейшембидеги салтанаттын алып баруучусу коноктор менен Оскар жекшембисине чейин кош айтышты.
XS
SM
MD
LG