Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Акаевдин айтканы кыргыз-украин мамилесине терс таасир тийгизбейт дешет


БИШКЕК. Мамлекеттик башчы Аскар Акаев Украинанын жаңыдан шайланган президенти Виктор Ющенкону жана өкмөт башчылыгына утурумдуу дайындаган Юлия Тимощенкону сындаган маалыматты, Орусиянын жана Украинанын прокуратурасынын маалыматына таянып айтты. Анткени учурда Орусиянын прокуратурасы Юлия Тимощенконун мыйзамсыз аркеттери тууралу илдиктөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев 26-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Эске сала кетүүчү нерсе, президент Аскар Акаев үстүбүздөгү жылы 13-январда Ош облусундагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө “Украинанын жаңыдан шайланган президенти Виктор Ющенко убагында 600 млн. долларды жок кылгандыгы үчүн кызматтан кеткен, ал эми Юлия Тимощенко жүздөгөн млн доллар акча уурдап дүйнөдөгү эң ири коррупционер катары кызматтан кеткен”,- деп сындаган.
Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, өлкө башчысы Аскар Акаевдин мындай сын пикири Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы байланышка эч кандай таасирин тийгизбейт.

XS
SM
MD
LG