Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Эркебаев элчилер боюнча палатадан башка көз карашта


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу боюнча «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында палатынын иштөө регламентин бузуу менен кабыл алынган. Мындай пикирин 26-январда Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди. Ал эми буга чейин палатанын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча Комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров элчилерге байланыштуу мыйзам долбоору толугу менен регламентке ылайык кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдаган. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев шаршембиде элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачкан мыйзам долбоору бурмалоо жолу менен кабыл алынган жана анын артында оппозициялык депутаттар турат деген пикирин «Кабар» маалымат агенттигинде билдирди.

XS
SM
MD
LG