Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Иракта Американын тик учагы кыйрап, андан америкалык 31 солдат курман болду


БАГДАД. Иракта Американын жүк ташыган тик учагы кыйрап, андан америкалык 31 солдат курман болду. Эгерде Пентагон кабар агенттиктердин бул маалыматын ырастаса, бул америкалык аскерлердин бир эле маалда тарткан эң ири жоготуусу болмокчу. Окуя Ирактын батышындагы Эр-Рутба деген жерде болгон, кырсыктын себептери белгисиз. Ошону менен катар эле бүгүн Киркукта болгон жардыруулардан 8 киши набыт кетти. Жардыруу шаардын базарында да болгон, андан жабыркагандардын саны белгисиз.
Ирактын шайлоо комиссиясынын өкүлү Фарид Аяр добуш берүү боло турган күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн, бирок өлкөдө коменданттык саат эрежесин киргизүү пландаштырылбаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG