Өткөн жылы «Ысыккөл» эл аралык туристтик жармаңкесине 150 туркомпания, 220 туроператор, 50 ишкана катышкан. Германия, Жапан, Түркия, Кытай, Дания, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келишкен.
Учурда чет өлкөлүктөр кыргыз жергесине кызыга баштады. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы, туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө өз өлкөлөрүнө кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди,тобокелге баш байлаган рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.
Tуризмдин өзгөчөлөнгөн түрлөрү, жагдайы болбосо Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн келиши кыйын. Ошондуктан өткөн жайда «Ысыккөл аймагындагы туризмди өнүктүрүү» деп аталган эл аралык 2 - конференциянын өтүшү, ага катышкан ханзаада Ага Хан Керим 4 бул аймактагы туризмдин өнүгүшүнө кызыкдар экендигин да билдирген.
Өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн кичи ишканалардын инвестиция тартып келүү мүмкүнчүлүгү жогору экендигин Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков мындай дейт белгилейт:
- Бул тармакты өнүктүрүү үчүн көп нормативдик документтер кабыл алынды. Мурда Кыргызстанга келиш үчүн виза маселеси кыйынга турса, азыр мындай тоскоолдуктар бат чечилип калды. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн дагы туристтер келип жатышат. Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Ысыккөлдө эс алуу туризми калыптанып келатат. Асман тиреген бийик тоолорубуз альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу. Аңчылыкты да уюштуруп жүрөбүз. Кээ бир чет өлкөлүктөр тоолорго чыгып, кооз жерлерде болуп, ат минип, сүт ичип, табияттын кереметине суктанганды артык көрүшөт. Бул үчүн тоолорго барчу жолдорду да оңдош керек. Чет өлкөлөрдө өткөн туристтик жармаңкелерге катышып, Кыргызстанды таанытып жатабыз. Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Кытай, Пакистан, Индия өлкөлөрү дагы бул тармакты өнүктүрүүгө инвестиция берүүгө кызыкдар болушууда. Тамчыдагы эл аралык аэропортту куруп бүткөрүү керек, чет өлкөлүктөр ушуну талап кылышууда.
Жергиликтүү калк дагы туризмдин маани- маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысыккөлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат. Бул тууралуу Бостери айылынын тургуну Жеңиш Урматбетов мындай дейт:
- Мурда совет доорунда туристтерди “жут келди” дечү элек. Көрсө, туристтер “кут” экен. Орусиянын алыскы шаарларынан мурдагыдай көп келбей калышты. Ошол жакка барып, реклама кылсак жакшы болот эле. Жеке сектор туристтерди тейлөө жагынан эс алуу жайларын утуп, кардарларды тартып жатат. Шарты мыкты үйлөр салынды. Жеке сектор салыгын төлөп, патентин алып, иштеп жатат.
Өткөн жылы туризмди 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясынын жаңы редакциясы каралып, өкмөт тарабынан жактырылды. Монголия, Иран, Өзбекстан менен туризм боюнча кызматташуу тууралуу өкмөттүк деңгээлдеги келишимдерге кол коюлган.
Чынында Ысыккөлгө келип кеткен туристтердин так санын билүүгө да мүмкүн болбой жатат. Айрым маалыматтар боюнча былтыр көлгө болжол менен 1 милиондон ашуун адам келип эс алса, статистикалык маалыматтарда андан бир кыйла аз санда көрсөтүлгөнүн адистер айтышууда. Өткөн жылдын жай мезгилинде Ысыккөлдө жергиликтүү калк үчүн тоскоолдуктар болгонун чолпонаталык Гүлмира Орозалиева мындай белгиледи:
- Жайкы сезонго жеке сектор да мыкты даярдык көрүп, туристти тейлөөнүн маданиятын жогорулата баштаган элек. Бирок губернатор Токон Шайлиева боз үйлөрдү тиктирбей, базарларды ары-бери көчүрүп, эл пайда таба албай калды. Жергиликтүү эл жумушсуз болгондуктан, жайкы учурдан пайда таап калууну көздөп, эс алуучуларга жакшы шарт түзүүнү колго алышчу. Былтыркы жылы кафе- рестораны бар байлар гана туристтерди тосуп, карапайым элге кыйын эле болду.
Кыргызстандагы туризмдин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан жагдайлар жөнүндө өлкөнүн жеке ишкерлер ассоцациясынын төрагасы, “Бишкек бизнес” клубунун жетекчиси, «Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикирине назар салыңыздар:
- Ысыккөлдө жаштар туристтерди тоноп, буюмдарын, акчаларын уурдап алган учурлар кезигет. Бизде шарты начар болсо да асмандагы бааны коюп алып, туристтерди үркүткөн жагдайлар арбын. Керемет көлүбүздүн касиетин, кадырын сактап, эмки жылы да келүүгө туристти дилгир кылуу керек. Ал үчүн тейлөө тармагын жакшыртып, коопсуздукка кепил болуу зарыл. Туризм - деген чоң бизнес. Биздеги эс алуучу жайлар кирешелерин жаап жашырып, бухгелтериялык эки башка эсеп жүргүзүшүп, салыктан качып, өздөрүнүн гана чөнтөгү үчүн иштеп жатышат. Туристтердин так санын билиш мүмкүн эмес. Рекламалык-маркетинг кызматы да жакшы деңгээлге жеткире албай жүрөбүз.
Германиянын ишкерлери, фирмалары Ысыккөлдөгү 5 долбоорду каржылоо үчүн 2,5 млрд доллардык инвестиция бөлүүгө ниет кылышууда. Жапан күн чыгыш өлкөсү дагы Ысыккөлгө көз кырын салып, бул аймакта туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыгууда. Өткөн жылы туризм тармагына 33 миллион доллардан ашуун инвестиция келген. Быйыл май айында Бишкекте эл аралык туристтик жармаңке өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.