Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык жыйыны уланууда

БИШКЕК. Бишкекте Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын отуруму улантылууда. Кыргыз өкмөт алдындагы регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун маалыматына караганда, жыйын 28-январда соңуна чыгат. Отурумда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайсыл документтердин негизинде делимитациялоо тууралуу маселе талкууланууда. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 940 чакырымды түзөт. Чек араны аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүү 2002-жылы башталган.
XS
SM
MD
LG